Орусиянын банктары каржы операцияларын ишке ашыруучу SWIFT системасынан чыгарылат

Франция, Германия, Италия, Улуу Британия, АКШ жана Канаданын лидерлери Орусияянын банктарын SWIFT банктар аралык каржы каналдарынын коомчулугунан чыгарууну макулдашышты. Бул тууралуу АКШнын Ак үйүнүн сайтында кабарланды.

Алардын билдирүүсүнө ылайык, банктарды эл аралык финансылык системадан чыгаруу алардын дүйнөлүк алкакта иштөө мүмкүнчүлүктөрүнө зыян келтирет.

Ошондой эле, ведомстводон алардын санкциясынын таасирин бузбоо үчүн Орусиянын Борбордук банкына эл аралык резервин колдонууга жол берилбей турганын белгилешти.

«Биз украин калкын азыркы оңой эмес сааттарда колдойбуз. Бүгүн жарыялаган чаралардан тышкары, Орусияны Украинага кол салганы үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн биз дагы башка кошумча чараларды кабыл алууга даярбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

SWIFT компаниясы болсо, кайсыл каржылык уюмдарга бул чаралар колдонулушун европа өлкөлөрү менен талкуулай тургандыгын билдирди. Тизме түзүлүп жатат.

Буга чейин мындай санкциялар Крымдагы Альфа-Банк, ВЭБ, ВТБ, «Промсвязьбанка», «Открытия», «России», «Россельхозбанка», МКБ, «Совкомбанка» жана бир нече кредиттик уюмдарга салынган эле.

Мындан тышкары, батыш өлкөлөрү өздөрүнүн юрисдикциясында чектөөлөргө дуушар болгон орусиялыктардын активдерин аныктай турган атайын ыкчам топ түзүшөт. Өлкөлөр орус элитасына, кызмат адамдарына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана шериктештерине көбүрөөк жакын болгон өкүлдөрдүн кененирээк тизмесин түзүүнү пландап жатышат.

SWIFT деген эмне?

SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunications) — бул финансылык мекемелердин дүйнөлүк кооперативи. Ал эл аралык каражат агымын камсыздаган маанилүү коммуникативдик инфраструктуранын бир бөлүгү болуп эсептелет.

SWIFT иш жүзүндө каражат которуу же сактоону ишке ашырбайт, бирок банктарды SWIFT системасынан өчүрүү өлкөгө каражат кирүүсүн жана чыгуусун токтотуп коё алат. Бул болсо өлкөдө чыныгы экономикалык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.