«"Даңк" орденинин пайдасы тийген жок». Апрелдеги чек ара жаңжалында жабыркаган жоокер операцияга муктаж

Нурислам Ибраим уулу жана апасы Айчүрөк Кыдыралиева. Скриншот Ыдырыс Исаковдун видеосунан жасалды

2021-жылдын апрелинде Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда жабыркаган жоокер Нурислам Ибраим уулу мамлекет көңүл бурбай жатканын айтып нааразы болду. Окуянын чоо-жайын ал журналист Ыдырыс Исаковго курган маегинде айтып берди.

«Көп отура албайм, баса албайм …»

22 жаштагы Нурислам Ибраим уулу Ош облусундагы Өзгөн районунун Жазы айылында жашайт. Ал өткөн жылы Көк-Таштагы №2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Ошол эле жылы апрель айында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары «Головной»* суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймакта бири-бирине таш ыргытып, кийин жаңжал ал эң ири куралдуу кагылышка айланган. Ошол учурда Нурисламга тажик тарап аткан миномёттун чачырандысы тийген.

*Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт. «Головной» стратегиялык объект катары таанылып, аны Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарышат.

Ибраим уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан соң бийлик ага 400 миң сом берүүнү убада кылганын айтат. Бирок, ага аталган сумманын 139 миң сому гана бөлүнгөн. Мамлекет берген акча анын эки жолку дарылануусунан ашкан эмес.

«Азыр көп отура албайм, баса албай, [көпчүлүк учурда] жатам да. [...] Оң жана сол бутуман жалпы үч миномёттун сыныктарын алып чыгышты. Операция жасатыш керек. Жамбаш сөөк менен кашка жиликтин ашташкан жердеги томук жешилип жок калган. Ошону алмаштырыш керек экен», — дейт ал.

Операция жасатуу үчүн жоокер хирург Сабырбек Жумабековго кайрылган. Бирок Жумабеков кезек көп экенин эскертип, ал жеткен күндө да операция жасатууга акча керектелерин айткан дейт.

«Эч болбосо дарылануума жеңилдик беришсе жакшы болмок. [...] Жумабековго кайрылып “Тезирээк бүтүрсөк болбойбу” десек 2 миң доллар болот, импланттарын өзүңөр аласыңар деди. Эртерээк имплант коюш керек», — дейт ал.

Ибраим уулу жогорку окуу жайга тапшырып, юрист адистиги боюнча билим алгысы келет. Ал мамекет билим алуусуна да колдоо көрсөтсө деп тилек кылат.

Жоокер президент ага «Даңк» медалын тапшырганын, бирок «азыркыга чейин ордендин эч кандай пайдасы тийбегенин» айтат.

«Соо баламды майып кылып алдым да»

Нурисламдын апасы Айчүрөк Кыдыралиева баласын аскерге алты саны аман жөнөткөнүн айтып, бирок уулу майып болуп кайтканына кейип турган чагы. Анын айтымында, баласына маамлекет талаптан тийиштүү көңүл бурулбай жатат.

«Таза, соо баламды майып кылып алдым да. Эми ушул баламдын өмүрүнүн аягына чейин алышып, күнүбүз өтөт да. Жок дегенде мамлекет ооруканага көрүнгөн жактарын карап коюшса жакшы болот эле. Ошол жагынан кыйналып кетип атам. Баламдын бутунан бармактай сыныктар алынды, ал азыр ишке жараксыз. Көкүрөк күчүгүм эле, ушундан көптү үмүттөнөт элек. Эми кыйналып атат. Бир жалдан бери азап тартып, кыйынчылык менен күн өтүп атат», — деди Нурисламдын апасы.

Кыдыралиева баласы ооруканада дарыланып жатканда мамлекет эч кандай жеңилдиктерди көрсөтпөгөнүн белгилейт.

«Балам Ошто ортопедия бөлүмүндө дарыланды, чыгаарда мамлекеттен жеңилдиктер болот деген ойдо врачтарга айтсам, "күбөлүктү көрсөткүлө" деди. “Бизде ал жок, балам “Даңк” ордени менен сыйланган, мамлекеттен жеңилдиктер болушу керек” десем. “Биз билбейбиз” дешти. Ошону менен баламдын даарылануусу үчүн жеңилдиктер болбой келет», — деди ал.

Кыдыралиева баласы даарыланып чыкканына карбай аскердик кызматын толук өтөп бүтүргөнүн кошумчалады.

Ал эми Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Клооптун» кабарчысына Нурислам Ибраим уулуна 140 миң сом берилгенин жана медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлүп жатат деп ишендиришти.

«Чек ара кызматында 400 миң сом бөлүнөрү тууралуу сөз болгон эмес, болгону эки оклад (140 миң сом) каралган. Биздеги маалыматтар боюнча жаракат алгандар үчүн акысыз медициналык кызматтар көрсөтүлгөн. Эгер майыптыгы бар болсо МСЭК ишканасы тарабынан дагы төлөнүшү мүмкүн», — деди президенттин Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова

Тажикстандын аскердик агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Куралдуу агрессиядан тургундардын 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон. Бийликтин маалыматына ылайык, келтирилген зыяндын суммасы 1,3 миллиард сомдон ашкан.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн. Кыргыз бийлиги чек арадагы жаңжалда бузулган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн.

Тема боюнча:

Кыргыз -тажик кагылышуусунан кийинки жоготуулар. Өрттөлгөн үйлөр жана социалдык объектилер

Инфографика. Тажикстандын аскерий агрессиясынан жабыркаган Баткендин тургундары