Кадырбеков: Билим берүүчү жайларда окуу келишими улуттук валютада түзүлүшү керек

«Ыйман нуру» партиясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков жогорку окуу жайларда жана жеке менчик мектептерде окутуу акысы тууралуу келишимди сом менен түзүү керек деп билдирди. Ал Украинадагы кырдаалдан улам акыркы аптада АКШ доллары 10 сомго кымбаттаганын эске салды.

«Эмнегедир айрым окуу жайлар келишимди доллар менен түзүп, акчаны сом менен алып жатат. Мындай көз боёмочулукка чек коюш керек [...] Инфляциянын талаптарын эске алуу менен [келишим] сом менен түзүлүүгө тийиш. Болбосо азыр ата-энелер кыйналып жатат», — деди ал.

Нуржигит Кадырбеков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Эл өкүлү Жарандык кодекстин 35-беренесинде «Кыргызстандын улуттук валютасы сом» деп жазылганын, билим берүү жөнүндө мыйзамдын 43-беренесинде билим берүү кызматын көрсөтүү улуттук валюта менен жүргүзүлүшү керек деп көрсөтүлгөнүн эске салды.

Аны менен катар, келишимди сом менен түзүү аркылуу улуттук валютаны дагы, студенттердин, ата-энелердин укугун дагы коргоого болорун баса белгиледи.

Кыргызстандын коммерциялык банктарында бир жума аралыгында доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлдү. Ага Орусиянын Украинага кол салуусунан соң көпчүлүк батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизгени себеп болду.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын куну кескин өсүп кетишин өлкөнүн негизги соода-экономикалык өнөктөшү — Орусия экени менен түшүндүргөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Доллар эмне себептен өсүүдө, баалар дагы кымбаттайбы, бийлик чара көрөбү? Түшүндүрүп беребиз