Москвада Тажикстандын талабы менен кыргыз жараны кармалды

Иллюстративдик сүрөт

23-февралда Москва шаарында Тажикстандын талабы менен 40 жаштагы Замирбек Досматов аттуу Кыргызстандын жаранын полиция кызматы кармады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Кармалган кыргызстандыктын бир тууганы Мунарбек Досматовдун айтымында, ал 2019-жылдын июнь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга байланыштуу кармалган. Бирок ал Замирбек Досматов 2017-жылдан бери Орусияда эмгек миграциясында экенин жана чек ара чырына катышпаганын айтууда.

Ага-ини Досматовдор Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургундары — бул аймак кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан.

«[...] бир тууганым 2017-жылдан бери Орусияда. 2019-жылы ал Казакстанга чыгып, кайра эле Орусияга кирген жана 4-майда каттоого турган. Ал [2019-жылы] 22-июнда Баткенде болушу мүмкүн эмес эле. Кантип анын фамилиасы Тажикстандын кыргыз жарандарын издөөдөгү тизмесине кирип калат?» — деп суроо салды ал.

Ал эми Кыргызстандын элчилиги Замирбек Досматов 2019-жылы Орусияда болгонун тастыктап, ага карата козголгон кылмыш иштин «бурмаланганын жана айыптын негизсиз, мыйзамсыз экенин» документалдуу тастыктоо күтүлүп жатканын кошумчалашты.

«Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Замирбек Досматовдун укуктарын коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти элчиликтен.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр

2019-жылдын июнь айында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда чатак чыгып, мергенчилик үчүн колдонулган мылтыктан ок атылган. Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалга Ворухтун тургундары айылдын кире беришине Тажикстандын желегин орноткону себеп болгонун билдирген. Натыйжада Исфара — Ворух жолу жабылган.

Тажик тараптын версиясы боюнча, Ак-Сай айылынын тургундары «желектин орнотулушуна каршы чыгышып, өз билемдик менен жер казып “Ак-Сай” жазуусун жана өз мамлекетинин желегин» орнотушкан.

Маалыматка ылайык, чатактан улам 15 кыргызстандык жарадар болгон — жабырлануучулардын 12не ок тийген.

Тажикстандын ИИМи кыргыз тараптан чыгарылган октон 52 жаштагы мугалим каза таап, он киши жарадар болгонун билдирген.