Нурлан Ражабалиев: Тажикстан Кыргызстандын 19 жаранына издөө жарыялады

Нурлан Ражабалиев

Жогорку Кенештин депутаты Нурлан Ражабалиев 2-марттагы отурумда Тажикстан Баткен облусунун 19 тургунуна издөөгө жарыялаганын билдирди. Ражабалиев мындай билдирүүнү орус полициясы кыргызстандык Замирбек Досматовду Тажикстандын талабы менен кармагандан кийин жасады.

«[...] 2019-жылдын апрель айында чек арада болгон чыр-чатак боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында биздин 19 жараныбыз [Тажикстандын издөө] тизмесине кошулуп калган. Бүгүнкү күндө ошол тизмедеги биздин бир топ жарандарыбыз Москвада жашынып, батирлеринен чыга албай, “каяка барып, кандай укуктарга ээ болобуз” деп сурап жатышат», — деди Ражабалиев.

Ошондой эле Ражабалиев Тажикстан чек арага байланыштуу Баткендин 150гө чукул тургунуна кылмыш ишин козгогонун, алардын арасында мурунку айыл өкмөт жетекчилери жана айыл башчылары бар экенин белгиледи.

Депутат Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Замирбек Досматовду бошотуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү жана тажик тараптын издөө тизмесиндеги кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Андан сырткары, Ражабалиев элчиликтин алдында кыргыз мигранттарына жардам көрсөтүүчү адвокаттык контораларды ачуу керек деп эсептейт.

Ошондой эле, депутат коңшу өлкөдө 150 кыргызстандыкка козголгон кылмыш иштерин кыскартуу боюнча Тышкы иштер министрлигине тажикстандык кесиптештери менен сүйлөшүүнү тапшырууну өтүндү.

Парламенттин спикери Талант Мамытов депутат Ражабалиевдин сунушун колдоп, ТИМге протоколдук тапшырма берди.

23-февралда Орусияда кармалган Баткендин Ак-Татыр айылынын тургуну Замирбек Досматов 2019-жылдын июнь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалга байланыштуу кармалган. Бирок Досматовдун туугандары ал 2017-жылдан бери Орусияда эмгек миграциясында экенин жана чек ара чырына катышпаганын билдиришти.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Замирбек Досматов 2019-жылы Орусияда болгонун тастыктап, ага карата козголгон кылмыш иштин «бурмаланганын жана айыптын негизсиз, мыйзамсыз экенин» документалдуу тастыктоо күтүлүп жатканын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвада Тажикстандын талабы менен кыргыз жараны кармалды