Тышкы иштер министри Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-мартта орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу менен Москвага расмий сапарга барды. Ал брифингде сүйлөп жатып, Орусия менен Украинаны тынчтыкка, жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Дипломаттар кызматташуу үчүн бири-бирине ыраазычылык билдирип, ЕАЭБ тууралуу мактоолорду айтышты. Казакбаев ЕАЭБге төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн билдирди. Май айында Кыргызстанда Евразия экономикалык форумун өткөрүү пландалууда. Казакбаевдин айтымында, ал Лавров менен кыргыз мигранттары жана алардын көйгөйлөрү тууралуу да сүйлөштү.

*(Ред) Орусия өз аракеттерин «атайын операция» деп атоодо. Ал эми Украина «согуш» деп атап жатат — калктуу конуштарбомбаланып, орус армиясы шаарларды басып кирип, калк метродо жана бомбадан сактануучу жайларда түнөп жатышат. Украинанын жүз миңдеген жарандары качкын болууга аргасыз болууда. Орус маалымат каражаттарына Украинага басып кирүүнү согуш деп атоого тыюу салынган, кысым жана мыйзам журналисттерге журналисттик этиканы сактоого жана эки тараптын пикирин көрсөтүүгө жол бербегендиктен, бир катар басылмалар жабылган. Орусияда журналисттердин этикасын сыйлаган айрым маалымат каражаттары жабылды.

Андан соң Казакбаев Украина тууралуу айта кетти. «Биз Украинадагы кырдаалга чоң тынчсыздануу менен көз салып жатабыз», — деди Лавровдун жанында турган Казакбаев.

Казакбаев айрыкча чыр-чатакка боордош эл аралашып жатканы кейиштүү экенин белгиледи.

«Биз дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхта болуп көрбөгөндөй кризиске күбө болуп жатабыз. Дүйнө катастрофанын босогосунда турат, мындан кийин биздин цивилизация оңолбой калышы мүмкүн», — деди Кыргызстандык дипломат.

Ал «тараптарды чыр-чатакты улантууга түртпөстөн», өзгөчө карапайым калктын арасында курмандыктарга жол бербөө керектигин айтты.

«Кырдаалдын өлкөлөр жана эл арасындагы глобалдык карама-каршылыкка өсүп кетишине жол берилбеш керек. Биз ар дайым тынчтыкты жактаганбыз жана жактап келебиз», — деди Казакбаев.

Казакбаев «азыркы оор кырдаалга» «Минск келишимдерин чечмелөө татаалдыгы» алып келди деп эсептейт.

«Келишпестиктердин бардыгы саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечилиш керек. Кызыктар тараптар кырдаалды чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү табууга аракет жасашы зарыл», — деди Казакбаев. Анын айтымында, Украина дагы, Орусия дагы конфликттин курмандыгы болуп калды.

Ошондой эле министр Кыргызстан Орусия менен Украинаны тынчтык орнотуу боюнча келишимге жетүүгө чакырарын белгиледи.

«Кыргызстан Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн башталышын чын жүрөктөн кубаттайт, ошондой эле бул багыттагы ар кандай ортомчулук аракеттерди колдойт. Ал эми зарыл болсо, аянтча берүүгө даяр экенин билдирет», —деди ал.

Казакбаев Бишкек буга чейин Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимин түзүү үчүн аянтча катары колдонулганын эске салды.

*(Ред) 1994-жылы Армения менен Арцахтын (Карабак) жана Азербайжандын ортосунда тынчтык келишими боюнча Бишкек протоколуна кол коюлган. Келишим 2020-жылы күзүндө Тоолуу Карабакта тараптар согуштук аракеттерди баштаганда бузулган.