«Тоо текени атып, этин жүктөп бараткан». Ысык-Көлдө мыйзамсыз аңчылык кылган киши кармалды

4-мартта Ысык-Көл облуcунун Жети-Өгүз районунун сырт өрөөнүндөгү Сары-Төр жайлоосунан тоо текени атып, этин жүктөп бараткан Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамсыз аңчылык кылган адам туристтик-экологиялык милиция жана «Мергенчилер жана балыкчылар» коомунун жана Ысык-Көл аймактык биотүрдүлүктү сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү жүргүзгон рейд учурунда кармалды.

Кечки саат 21:00 чамалуу «Тойота-Форанер» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, тинтүү учурунда унаадан «Ренгминтон-700» үлгүсүндөгү эки сайлуу курал жана жаңы атылган тоо текенин эти жана баш сөөгү табылган.

Шектүү «көлгө лицензия менен карышкыр атканы келгенин, бирок тоо текенин үйүрүн көргөндө, чыдабай кетип, бирөөсүн атып алганын» айтып берген.

Облустук милиция бул факты боюнча «Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда териштирүү иши уланууда.

Кыргызстанда тоо текенин саны болжол менен 40 миңден ашат. Тоо теке кызыл китепке кирбегени менен, мыйзамсыз атуу минкабдын токтомуна ылайык 100 миң сом штраф менен жазаланат. Жаныбардын жашы канчада экенине карабастан айып салынат.

Буга чейин, өткөн жылдын сентябрь айында социалдык тармактарда туристтердин Ысык-Көл облусунун тоолорунда ок жеген тоо текенин жанында түшкөн сүрөттөрү тараган. Ал коомдо нааразылык жараткан.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен «Клоопко» туристтердин аңчылыгы «мыйзам чегинде каралган тартипте жүргүзүлгөн» деп билдиришкен.

Ал эми туристтер үчүн аңчылык уюштуруп берген «Тур Хан Тенгри» туристтик фирмасы жагдай боюнча түшүндүрмө берип, аңчылык Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети тарабынан көзөмөлдөнөрүн айткан.

Турфирма түшкөн каражаттын 25%ы аңчылык болгон аймактын бюджетинде каларын, 35%ы аңчылык департаментинин ишмердүүлүгүнө жумшаларын, ал эми 40%ы аңчылык болгон аймакты калыбына келтирүүгө жумшаларын билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды