Бишкек: 8-марттагы маршка Кыргыз ССРинин желегин көтөрүп чыккан киши коё берилди

Маршта кармалган активист. Сүрөт: Жоомарт Дуулатов / «Клооп»

Бишкек шаарында 8-мартта аялдардын укуктарына жана тынчтыкка чакырууга арналган жөө жүрүштө кармалган «КыргСоц» уюмунун мүчөсү «профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин» коё берилди. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«8-мартта өтүп жаткан маршта милиционерлерге митингдин уюштуруучуларынын бири кайрылып, чагымчылдык менен алектенүүнү токтотуу талабына баш ийбеген кишиге чара көрүүнү өтүнгөн. Ошондой эле ал милиционерлердин талаптарына кулак салган эмес, мындан улам ал Биринчи май РИИБге жеткирилген», — деп билдиришти мекемеден.

Окуя Биринчи май РИИБсинде катталып, чогулган материалдар коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Кармалган киши эмне дейт?

Ал эми жөө жүрүштө кармалган «КыргСоц» уюмунун мүчөсү, активист Аким «Клоопко» окуянын чоо-жайын айтып берди. Акимдин айтымында, аны жарандык формачан кишилер кармашкан. Андан кийин гана милиционерлер жетип келген.

«Мени жерге жаткырып, “кармоо учурунда каршылык көрсөтүү” деп кыйкырып башташты. Мен жерде жатканда бир нече жолу буттары менен тепкилешти — аны ким кылганын байкаган жокмун. Кийинчерээк формачан милиционерлер келип, мени көтөрүштү. Ал арада артымда турган белгисиз беткапчан киши мени бөйрөк жакка сокту. Бул ЖМКларда тартылган видеодо так көрүнүп турат», — деди активист.

Аким милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырбай жана кармоонун себептерин түшүндүрбөстөн кызматтык унаага салып кетишкенин айтат. Андан соң күч органдары аны Ала-Тоо аянтындагы пунктка алып барып, түшүнүк кат жаздырышкан.

«Кийинчерээк, саат 13:35 чамаларында Биринчи май РИИБге алып келишти. Тергөөчүнү күттүк. Менин макамын күбө же шектүү экенин айтышкан жок. Жактоочум келгенден кийин иште күбө катары өтүп жатканымды айтышты. Сурак алып, саат 16:00дордо коё беришти. Күбөнү мындай ыкма менен кармоонун эмне кереги бар эле, мен дагы деле түшүнбөй жатамын», — деди Аким.

Маршта кармалган активист

Милиция кызматкерлери 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөн тынчтык маршында Кыргыз ССРинин желегин көтөрүп чыккан кишини кармашкан. Иш-чаранын башында уюштуруучулар жана милиционерлер катышуучулардан мамлекеттик желектерди көтөрүп чыкпоону эскертишкен.

Маршка катышкан жарандык активист Умай Арыкованын айтымында, ал Кыргыз ССРдин желегин көтөрүп чыккан кишиге аны алып коюуну талап кылган. Бирок ал Арыкованын талабын аткаруудан баш тарткан.

«Мен Биринчи май РИИБинин милиционерлерине сепаратисттик маанайларды жараткан чагымчыны алып кетүүнү айттым. Алар ага желекти алып коюуну суранышты, бирок ал каршылык көрсөттү. Натыйжада милиционерлер аны кармашты», — деди Арыкова.

Райондук милициядан желек көтөрүп чыккан кишини кармаган маалда ал «формачан эмес милиционерди муштаганын» айтышкан. Ал эми жөө жүрүштүн катышуучусу «белгисиз киши желекти анын колунан жулуп кеткенин» айткан.

«Мен анын артынан чуркадым. Ал мени муштады, мен ага жооп бердим. Мен ал милиция кызматкери экенин билген эмесмин», — деген кармалган киши.

Ал эми «КыргСоц» уюму күч органдары «чагымчынын ордуна, тынчтык марштын катышуучусун» кармаганын билдиришкен. Ошондой эле уюмдан Биринчи май РИИБинин кызматкерлери алардын мүчөсүн «мыйзамсыз кармаган» деп эсептешет.

Мындан сырткары, «КыргСоцтон» алар аялдардын укуктарына арналган маршка жыл сайын катышканын жана уюштуруучулардын бири болгонун белгилешти.

«Биз Советтер союзунун да, Кыргыз ССРинин да желектерин да желектерин маршта колдонуп келебиз, алар 8-март майрамынын тарыхына алып барат. Аталган майрам эмгектенген аялдардын өз укуктары үчүн күрөшүүсүнүн символу катары пайда болгон», — деп билдиришкен «КыргСоц» уюмунан.

Бишкектеги аялдардын укуктарына арналган тынчтык жөө жүрүшкө быйыл 500гө чукул киши чыкты.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Согушка жол жок». Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынчтык маршы өттү