Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитети Дүйшөнбиевди бошотууну талап кылды

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиев боюнча билдирүү жасады.

Комитет кыргыз бийлиги Дүйшөнбиевди тез арада камактан бошотуп, телеканалга карата иликтөөнү токтотуп, эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк бериши керек деп эсептейт.

«Көз карандысыз ЖМКларга чабуул күчөгөн сайын кыргыз бийлиги сын айткан маалымат каражаттарына басым кылыш үчүн канчалык жалган болсо да, баардык мыйзамдуу жолдорду колдонуп жаткандай», — деп билдирди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гульноза Саид.

Дүйшөнбиевдин адвокаты Акмат Алагушев CPJ уюмуна курган маегинде Next TV телеканалынын директору айыптоолорду четке кагып жатканын, алар аны камакта калтыруу чечимин, ошондой эле студия жана редакциянын имаратына мыйзамсыз мөөр басылганын даттанышарын айтып берген.

Алагушев Next TV телеканалынын башка кызматкерлерине да айып тагылышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Мындан тышкары, CPJ уюму Дүйшөнбиевдин кармалышы боюнча УКМКга электрондук почта аркылуу кайрылышканын, бирок азырынча жооп болбой жатканын билдиришти.

CPJ – журналисттердин укуктарын коргоо менен алектенген эл аралык бейөкмөт уюму. Анын штаб-квартирасы Нью-Йорк шаарында жайгашкан.

Дүйшөнбиевдиин кармалышы

3-мартта УКМК Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди «Расалык, этникалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен камалган.

Атайын кызматтын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан». Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөп, ал жактан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта Кыргызстан орус армиясына аскердик колдоо көрсөткөн жок деп билдиришкен.

Андан кийин эле УКМКда телеканалдын кызматкерлери Перизат Саитбуркан кызы менен Өмүрбек Сатаев сурак беришкен.

Ал эми медиа коомчулук камакка алынган Дүйшөнбиевди колдоп чыккан. Ал Дүйшөнбиевдин кармалышын — Кыргызстандагы сөз эркиндигин басуу аракетинин уландысы деп эсептейт. Дүйшөнбиевди акыйкатчы Атыр Абдрахматова да колдоого алган. Ал УКМКны Конституцияда кепилденген ЖМК эркиндигин урматтоого чакырган. Телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков кызматкерлерине куугунтук көрсөтүүнүн ордуна өзүн камоону сунуштаган.

5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшөнбиевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Тема боюнча окуңуз: Next TV телеканалынын директору Дүйшөнбиев эки айга камалды

Next TV телеканалы улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, жетекчиси кармалды

«Андан көрө мени камагыла». Равшан Жээнбеков Next TV’га карата басым тууралуу