Factcheck.kg: Бишкектин мэри Абдыкадыров бир нече курулуш компаниясынын негиздөөчүсү

Февралда Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэрлигине дайындалган. Аны кызматка бекиткен жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Factcheck.kg’нин журналисттери Абдыкадыровдун бир канча курулуш компаниясы бар экенин аныкташты.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Абдыкадыров 2013-жылдан бери архитектура тармагында алектенген «Кереге Проект» долбоорунун негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда, журналисттер аталган компания 2016-жылдан бери салык төлөбөй келгенин белгилешти.

Абдыкадыров «Нур Строй Монтаж» ЖЧКсында Айжан Осмонкулова менен бирге негиздөөчү болуп эсептелет. Осмонкулова «ИлТегСтрой компани» жана «РоссИмперия» курулуш компанияларына да ээлик кылат.

«Нур Строй Монтаж» компаниясынын Бишкекте комфорт жана бизнес-класстагы беш объектиси бар. Компаниянын комфорт-класстагы үч комплекси пайдаланууга берилген, дагы эки объектисинде курулуш иштери жүрүп жатат. Журналисттердин баасына ылайык, комплексте орточо эсеп менен бир чарчы метрдин баасы болжол менен 50 миң сомду түзөт.

Factcheck.kg басылмасы «Нур Строй Монтаж» компаниясы тууралуу ЖМКлар 2019-жылы да жазышканын кошумчалады. Ал убакта компания «One Lead One Trading Limited» компаниясы менен «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу жөнүндө келишим түзгөн. Бирок жергиликтүү тургундар каршы чыккандан кийин келишим бузулган.

Ал эми 2021-жылы Бишкек мэриясы «Нур Строй Монтаж» компаниясына Абай көчөсүндөгү карылар үйүнүн аймагына турак жай комплексин курууга уруксат берген. Азыр ал жакта компания турак жай комплексин салып жатат.

Мындан тышкары, журналисттердин маалыматына ылайык, Абдыкадыров 2020-жылы кытайлык инвесторлор менен биргеликте — «“Сары-Таш” Эл аралык эркин соода борбору» ЖЧКсы — бизнесин негиздеген. 2021-жылдын жайында ал «ЭлитТауэрс» деген дагы бир курулуш компаниясын түптөгөн. Бул компанияга да Айжан Осмонкулова ээлик кылат.

Абдыкадыровдун уулу Улан да ишкердик кылат, ал «Шербото» компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелет. Ал эми 2021-жылы мэрдин уулу Осмонкулова ээлик кылган «РоссИмперия» курулуш компаниясында директор болгон.

Бизнестен тышкары, журналисттердин маалыматында, Улан Абдыкадыров 2016-жылы Бишкек шаардык кеңештин депутаты болууга да жетишкен. Ал эми 2021-жылы ал кайрадан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болгон, бирок өткөн эмес.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери белгилешкендей, «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мэр жеке өзү же ишенимдүү тараптар аркылуу биснес кыла албайт.

«Мындан тышкары, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” беренеге ылайык, ишкердик иш кызыкчылыктардын кагылышына алып келет», — деп белгилешти журналисттер.