Төрөт үйүн атуу, жай тургундарды эвакуациялоо. Украинадагы согуш боюнча соңку окуялар

Украинада Орусиянын кол салуусунан улам башталган согуш уланып жатканына 14 күн болду. Ал 24-февралда башталган.

Орусиянын коргоо министрлиги Украинанын аймагына милдеттүү аскер кызматын өтөгөн аскерлери тартылганын ырастады. Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенко милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткандар Украинанын аймагында болгонун далилдей турган бир нече фактыларды табышканын билдирди. Ал «мындай аскерлердин дээрлик бардыгы Орусиянын аймагына чыгарылганын» кошумчалады.

Мындан тышкары, Конашенко милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткан бир нече аскер туткунга түшкөнүн да айтты. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткандар Украинадагы согушка жөнөтүлбөгөнүн билдирген болчу.

Мариуполдо, Украин басылмаларынын маалыматына ылайык, абадан төрөт үйүнө сокку урулган. Маалыматка ылайык, төрөт үйү толугу менен кыйраган. Ошондой эле, балдар ооруканасы да жабыркаган. Андан соң Владимир Зеленский авиа соккудан 17 киши жабыркаганын маалымдаган.

Төрөт үйү кыйрагандан кийин украин президенти Twitter барагында дагы бир жолу өлкөнүн аба мейкиндигин жабууга чакырды. Буга чейин ал ушундай эле өтүнүч менен НАТО өлкөлөрүнө да кайрылган, бирок алар баш тартып коюшкан.

УНИАН басылмасынын маалыматына ылайык, өткөн суткада Украинадан 40 миңден ашык аял жана балдар коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Зеленский Украинанын Киев облусунда жана Энергодар шаарында гуманитардык коридорлор иштеп жатканын, ал аркылуу 35 миңден ашык киши коопсуз жайга чыгарылганын билдирди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Чернобыль АЭСинде орус аскерлери тарабынан басып алынган учурдан тартып адистер алмашпай эле, бир эле нөөмөттө иштеп жатканын билдирди.

Ал арада «Укрэнорго» АЭС электр чубалгыларындагы авариядан толугу менен электр энергиясыз калганын, аны салгылаштан улам оңдоого мүмкүн эместигин, ал эми резервдеги дизель генераторлору эки суткага гана жетерин маалымдады. Алар желдетүүнүн жана муздатуунун жоктугу айлана чөйрөгө радиоактивдүү бөлүкчөлөрдүн чыгышына алып келет деп чочулашууда.

Коргоо министрлиги АЭСти Белорустан алынган электр энергиясы менен камсыздай турганын билдирип, ал эми электр чубалгыларындагы аварияга адатынча «украиналык улутчулдарды» күнөөлөдү.