Өзгөн шаарынын мэри жерди мыйзамсыз берүүгө айыпталууда

Ош облусунун Өзгөн районунун прокуратурасы Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов 2015-жылы ар башка беш кварталдан 22 кишиге жер тилкелерин мыйзамсыз бергенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына ылайык, бардык жер тилкелердин жалпы аянты 9 миң чарчы метрди түзгөн. Мыйзам бузуу жер чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышын текшерүүдө аныкталган.

Прокуратура факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жана тергөө амалдарын баштады. Ал эми тергөөнүн жыйынтыгы менен Каримовго «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда Өзгөн шаарынын мэрине карата ачылган кылмыш иши сотто каралууда. Андан тышкары, райондук прокуратура мыйзамсыз берилген жерлерди кайтаруу үчүн сотко кайрылды.

Нодирбек Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп 2021-жылы дайындалган. Каримовдун өмүр баянына ылайык, биринчи жолу бул кызматка 2013-жылы шайланган. Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты да болгон.