Талас, Өзгөн жана Каракол шаарларынын башчылары шайланды

10-июнда Талас, Өзгөн жана Караколдо шаар мэрлеринин шайлоосу өттү.

Таласта калаа башчылыгына Аскар Шабданов шайланды. Ал 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан. Аталган партияны өлкөдөгү таасирдүү деп саналган Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырышат.

Андан тышкары, «Демир банктын» Талас филиалынын директорунун орун басары болуп иштеген.

Аскар Шабданов. Сүрөт: «Турмуш».

2016-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясы менен жергиликтүү кеңешке депутат болгон.

Аскаровго чейин Таластын мэри кызматында Айдар Жусупбеков иштеп турган.

Өзгөн шаарынын мэри болуп парламенттеги КСДП партиясынын депутаты Нодирбек Каримов дайындалды. Буга чейин ал кызматты Мухтаржан Калматов аркалаган.

Нодирбек Каримов.

Ал эми Караколдо шаар башчысы болуп жергиликтүү «Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын мурдагы башчысы жана мэрдин м.а. Эрмат Жумаев шайланды.

Эрмат Жумаев. Сүрөт: Каракол шаардык мэриясы.

Ал 2020-жылы ноябрдан тартып мэрдин милдетин аткара баштаган. Анда жарлыкка президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров кол койгон.

Ага чейин Адыл Каниметов шаар мэри болчу. Каниметов октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен.

Авторлошу: Нурсултан Үсөнов.