Бишкектеги №47 колония бузулат — камактагылар башка мекемелерге которулат

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектин батыш тарабында жайгашкан №47 колонияны бузуу чечимин кабыл алды. Маалыматты «Клооптун» журналистине мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

ЖАКтын маалыматына ылайык, №47 колония турак жайлардын жыш шакекчесинде калып, аны менен бирге пайдалануу мөөнөтү да эбак эскирген.

«Бул, эксперттер белгилегешкендей, коомдук коопсуздукка белгилүү бир коркунуч туудурат жана ал тургай кылмыштуулуктун өсүшүнө да таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп билдиришти ЖАКтан.

Кызматтан кошумчалашкандай, №47 колонияда азыр кармалып тургандар Новопокровкадагы №8 колонияга жана Чүйдүн Молдовановкадагы №31 атайын кармоо жайына которулат.

Ал үчүн бул колонияларда реконструкция жүргүзүлүп, жаңы имараттар курулат. Бул максатка каражат бюджеттен бөлүнөт. Долбоор жана сметасы 2019-жылы кабыл алынган.

Ошондой эле ЖАКтан №47 колониясын бузуу иштери «жакын арада» башталарын, ал эми иш максималдуу үнөмдөөнү эске алуу менен жүргүзүлөрүн кошумчалашты.