Орусияда кыргыз жана тажик мигранттарынын ортосунда массалык мушташ болду

Орусиянын Амур облусундагы газды кайра иштетүү заводунда 8-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын ортосунда массалык мушташ чыккан. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы Тажикстандын Орусиядагы элчилигине таянып жазды.

Элчиликтен жаңжал турмуштук негизде чыкканын, так себеби такталып жатканын билдиришти.

Мушташтын видеосун Mash телеграм-каналы 10-мартта чыгарган. Порталдын маалыматында, мушташ 8-март күнү ишкананын ашканасында башталган.

Видеодон форма жана каска кийген жыйырмадан ашык жумушчу ашканада мушташып жатканын көрүүгө болот.

Телеграм-каналдын маалыматына ылайык, ишкана жетекчилиги мушташка катышкан жумушчулардын баарын иштен кетиргени жатат, андан соң алар депортацияланышы ыктымал.

Заводдо буга чейин да мушташ болгон

2018-жылдын ноябрында ушул эле заводдо курулушта иштеген кыргыз жана казак жарандары мушташкан.

Анда Амур облустук полициясы мушташ турмуштук чыр-чатактан улам чыкканын, мушташка катышкандардын бири кармалып, ага «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ал эми мушташтан жабыркаган 18-жаштагы экинчи жаран реанимацияга түшкөнү айтылган. Андан тышкары, дагы бир адам жабыркап, ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Заводдун жетекчилиги ТАСС агенттигине чырга күнөөлүүлөр Орусиядан депортацияланат деп билдирген.

Заводдо маяна төлөнбөгөндүктөн чыккан козголоң

2020-жылы 13-июлда интернетте Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдо иштеген кызматкерлердин козголоңунун видеосу тараган.

Андагы видеого курулуш формасын кийген кызматкерлер техникаларды сындырышканы тартылган. Мындан улам заводдун аймагына ОМОН киргизилип, ал эми Тергөө комитети массалык башаламандык боюнча иш козгогон.

Жумушчулар Сибирь.Реалии басылмасынын кабарчысына козголоң маяна төлөнбөй жаткандыктан чыкканын айтып беришкен. Кабарчынын айтымында, үч айдан бери төлөнбөй жаткан айлык качан берилерин сурап барган эки жумушчунун иштен бошотулушу жумушчулардын козголоңуна алып келген.

«Бизге 3 айдан бери маянабызды төлөшпөй жатат. Кимдир-бирөөгө жок дегенде бир бөлүгүн төлөсө, айрымдарга таптакыр эч нерсе бере элек. Коңшу аянтчаларда жумушчуларга көбүрөөк төлөшөт, кечиктирилбейт, тамак-ашы да алда канча жакшы! Эмне үчүн бир жерде кызматкерлер жакшы тамактанып, вагондордо 3-4 кишиден жашап, кимдир бирөөгө болсо “ботко берип”, бир вагонго 8ден кишини жайгаштырышат», — деп билдирген ошондо нааразы болгон мигранттардын бири Сибирь.Реалии басылмасына.