Өзгөндө унаа коюп кеткен 33 жаштагы тургун каза тапты

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп, жабырлануучу жеринде каза тапты. Шектүү кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ош облустук ЖКККБдан билдиришкендей, кырсык 11-мартта саат 3:40 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 623-чакырымында болгон. Айдоочу окуя болгон жерден изин суутуп кеткен. Маркум Мырза-Арык айылынын 33 жаштагы тургуну болгон.

Өзгөн РИИБи шектүүнү кармоо үчүн «Колго түшүрүү» чарасын көрүп, Бишкек — Ош унаа жолуна, ошондой эле Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун жолдорунун кире беришине блок постторду койгон.

Жыйынтыгында айдоочу ошол эле күнү кармалган. Ал Ош облусунун 38 жаштагы «Э.А.» аттуу тургуну экени аныкталган. Мындан тышкары, шектүү «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасын Кара-Суудагы спорттук имараттын ичине катып койгону да аныкталган.

Кармалган айдоочу учурда Ош облустук ЖКККБда сурак берип жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.