Бишкектин абактагы вице-мэри Узаков кызматынан бошотулуп, ордуна Бактыбек Абдиев дайындалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген Бишкектин вице-мэри Азат Узаков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Бактыбек Абдиев дайындалды. Абдиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси.

Узаков мектеп курууга багытталган бюджеттик каражатты кымырып алууга шектелип 18-февралда кармалып, эки айга камакка алынган. Аны менен чогуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин бөлүм башчысы А.Э.Ж. жана «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзат Токтобекова кармалган. Алар да эки айга камакка алынган.

Азат Узаков. 

УКМК Узаков өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын сүрөмөлөө максатында коррупциялык схема уюштурганын кабарлаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепти курууда Узаков бир нече жолу «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын кызыкчылыгын колдогон.

Жыйынтыгында тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш ченемдери бузулуп, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 10,8 миллион сомду түзгөн.

Азат Узаков вице-мэрлик кызматка 3-сентябрда дайындалган. Ага чейин президенттик администрацияда иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңештин кызматкеринен «субординацияны сактоону» жана «кызматты сыйлоону» талап кылганы менен белгилүү.

Бактыбек Абдиев деген ким?

Бактыбек Абдиев.  Сүрөт: Архитектура, курулуш мамлекеттик агенттиги.

Бактыбек Абдиев 50 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Абдиев Кыргыз архитектура-курулуш институтун жана президентке караштуу Башкаруу академиясынан билим алган.

Бишкектин жаңы вице-мэри Ош, Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарындагы курулуш тармагындагы мамлекеттик мекемелерде башкы архитектор жана жетекчи болуп иштеген.

2016-жылдан 2020-жылга чейин Абдиев өкмөтмө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматын аркалаган. Абдиев 2020-жылдан бери «Авангард Проект» курулуш-долбоорлоо компаниясында директор болгон.

Дагы окуңуз:

Вице-мэр Азат Узаков эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды