«Кыргызстан калыс позициясын карманууда». Руслан Казакбаев ЕККУнун башкы катчысы менен жолугушту

Сүрөт: ТИМдин басма сөз кызматы

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту. Бул тууралуу 11-мартта министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан Дипломатиялык форумдун алкагында өттү. Сүйлөшүү Казакбаев жана Шмид саясаттын жана коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

«Министр Казакбаев маектешине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан айтылган кыргыз тараптын калыс позициясы жана тараптарды чыр-чатакты дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү үчүн сүйлөшүү столуна отурууга чакырыгы тууралуу маалымат берди», - деп билдиришти ТИМден.

Ошондой эле Казакбаев Украина жана Орусиянын ортосундагы согушту «тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинин башталышын колдой турганын» белгилеген.

Аталган форумда Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен сүйлөшүү жүргүзүп, бирок тараптар бир чечимге келе алган жок. Кулебанын айтымында, алар ок атууну токтотуу жана Украинанын Мариуполь шаарынан жай тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор ачуу маселесинде макулдаша алышкан эмес.

Ал эми Руслан Казакбаев зарыл болгон учурда Кыргызстан өз аянтчасын берүүгө, ошондой эле «тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү орнотуу үчүн зарыл болгон ортомчулук жардамды көрсөтүүгө даяр» экенин билдирди.

Ошондой эле Казакбаев Украинанын аймагынан Атайын мониторинг жүргүзүүчү миссиясынын кызматкерлерин, алардын ичинде кыргыз жарандарын да коопсуз аймакка эвакуациялоону уюштурган ЕККУнун катчылыгынын ишмердүүлүгүн жогору баалады. Ал эми Шмид ЕККУ Украинада гуманитардык жардам, мониторинг жана тынчтыкты орнотуу боюнча ишмердүүлүгүн улантаарын билдирди.

«Калыс өлкө болушубуз керек»

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 9-марттагы отурумунда Орусия менен Украина маселесинде «калыс өлкө болушубуз керек» деп айткан.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров.

Ага чейин 5-мартта кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев дагы Москвадагы брифингде Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырып, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөгөн. Мындан тышкары, Казакбаев Кыргызстанды украин-орус сүйлөшүүсү үчүн аянтча катары сунуштаган.

Украин депутаты Мария Мезенцева Кыргызстан согушта бейтараптуулукту карманып жатканын «Путиндин режимин колдоого» караганда алда канча жакшы деп билдирген. Ал эми Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко согуштун улам келип чыгуучу экономикалык кесепеттер бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да тиерин айткан.

Украинага кол салуудан улам Орусия көптөгөн эл аралык санкцияларга кабылып, ал өлкөнүн экономикасына залалын тийгизүүдө. 8-мартта Орусия дүйнө жүзүндө эң эле көп санкция киргизилген өлкө экени белгилүү болгон.

Мындан тышкары, Орусияда көптөгөн эл аралык компаниялар, ошондой эле Apple, Mercedes Benz жана McDonalds сыяктуу бренддер жабылып же өз ишин токтотуп жатат.