Украин элчиси: Орусияга каршы санциялардын Кыргызстанга да кесепети тиерин эскертебиз

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги. Сүрөт: Клооп.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко Украинадагы согуштун улам келип чыгуучу экономикалык кесепеттер тууралуу маалымат берүү үчүн Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал кыргыз басылмаларынын журналисттери менен жолугушууда айтты.

Анын айтымында, Орусиянын Украинага кол салуусу бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да тиешелүү.

«Биз [кыргыз бийлигине] Орусиянын экономикасындагы болуп аткан кырдаалдан улам кандай экономикалык кесепеттер болушу мүмкүндүгү жөнүндө кулак кагыш кылгыбыз келет. Орусияда экономикалык абал тездик менен начарлап жатат, ал эми Кыргызстан Орусия менен экономикалык жактан тыгыз байланышта болгондуктан, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып кандай аракеттерди көрсө болорун айтып бергибиз келет», — деди Жовтенко.

Элчинин айтымында, ал президенттик администрациянын жана ТИМдин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн.

«Менин [жолугушуулардагы] милдетим чындыкды жеткирүү жана Кыргызстандын экономикалык коопсуздугуна байланыштуу маселелерди рационалдуу чечүүнүн жолдорун сунуштоо болчу. Саясий жетекчилик бизди мындар ары да колдой берет деп күтөбүз», — деп кошумчалады дипломат.

Украинага кол салуудан улам Орусия көптөгөн эл аралык санкцияларга кабылып, ал өлкөнүн экономикасына залалын тийгизүүдө. 8-мартта Орусия дүйнө жүзүндө эң эле көп санкция киргизилген өлкө экени белгилүү болгон.

Мындан тышкары, Орусияда көптөгөн эл аралык компаниялар, ошондой эле Apple, Mercedes Benz жана McDonalds сыяктуу бренддер жабылып же өз ишин токтотуп жатат.

Кыргызстан Украина менен Орусиянын согушунда расмий орток позицияны карманууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 9-мартта парламент жыйынында айткан.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин 9-марттагы жыйынында.

Ага чейин 5-мартта кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев дагы Москвадагы брифингде Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырып, жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөгөн. Мындан тышкары, Казакбаев Кыргызстанды украин-орус сүйлөшүүсү үчүн аянтча катары сунуштаган.

Тема боюнча окуңуз: Украин депутаты: Кыргызстандын согушта бейтараптуулугу алда канча жакшы