Украин депутаты: Кыргызстандын согушта бейтараптуулугу алда канча жакшы

Украинанын Жогорку радасынын депутаты Мария Мезенцева Украина менен Орусиянын согушунда Кыргызстан бейтараптуулукту карманып жатканын «Путиндин режимин колдоого» караганда алда канча жакшы деп билдирди. Бул тууралуу ал кыргыз басылмалары үчүн уюштурулган онлайн-брифингде айтты.

Мезенцеванын айтымында, жада калса Орусияда Владимир Путин бардык элдин позициясын билдире албайт.

«Көпчүлүк бейтарап болуп жатышат. Биз [Кыргызстан жана Украина] кызматташууну улантышыбыз керек. Биз тышкы иштер министрлеринин жана парламенттер аралык достук топторунун деңгээлинде кызматташууну улантышыбыз керек», — деди ал.

Буга чейин Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын расмий позициясын билдирген. Ошол эле учурда өлкө башчысы эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жатканын моюндаган.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин 9-марттагы жыйынында.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров: Согушту токтотууга таасирибиз жетпейт, ошондуктан калыс өлкө болушубуз керек

Төрөт үйүн атуу, жай тургундарды эвакуациялоо. Украинадагы согуш боюнча соңку окуялар