Майнапсыз сүйлөшүүлөр жана Лавровдун билдирүүсү. Украинадагы согуш боюнча башкы маалымат

Түркияда 10-мартта Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү өттү, бирок тараптар бир чечимге келе алган жок.

Кулебанын айтымында, алар ок атууну токтотуу жана Украинанын Мариуполь шаарынан жай тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор ачуу маселесинде макулдаша алышкан эмес.

«Биз дипломатиялык чечимдерге даярбыз, бирок учурда андай болбой жатат. Андыктан өз жерибизди орус агрессиясынан коргоону улантабыз», — деп Кулебанын айтканын «Украинская правда» басылмасы жазды.

Лавров сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында Түркияда «эч ким ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетүүнү көздөгөн эмес» деп билдирген. Мындан тышкары, ал Орусия Украинага кол салбаганын, башка өлкөлөргө да кол салбасын билдирди.

«Ал жерде Орусиянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөн. Азыр ДЭР менен ЛЭРге кол салуу пландаштырылган деген жаңы фактылар ачыкталып жатат. Пентгондун Украинанын лабораторияларында патогендик эксперименттерге катышуу фактысы чектен чыгуу. Ал этникалык багыттагы биологиялык куралды жасоо эксперименти экенинен эч шегибиз жок», — деди Лавров.

Бирок, АКШ Пентагонунун чиновниги Лавровдун Украинада биокурал иштеп чыгуу тууралуу айткандарын төгүндөдү. Бул туурлауу ВВСнин орус кызматы билдирди.

«Бул Украинаны жана АКШны күнөөлөш үчүн Орусия чагымчылдык уюштурушу мүмкүн дегенди түшүндүрөт», — деди Пентагондун өкүлү.

Ал арада Киевдин мэри Виталий Кличко согуштук аракеттерден улам шаарда эки миллиондун тегерегинде гана адам калганын билдирди.

«Ошентсе да, Киев азыр чепке айланып калды. Ар бир көчө, ар бир имарат, ар бир блок-пост бекемделип жатат», — деди ал.