Президент БУУ жана ЕККУнун өкүлдөрү менен экология маселесин тоо койнунда талкуулады

«Ала-Арча» жаратылыш паркы. Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Луиз Чемберлен жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Алексей Рогов менен шаар четиндеги «Ала-Арча» жаратылыш паркында жолугушту.

Бул жолугушууда Жапаров «Жашыл мурас» программасына старт берди. БУУнун Өнүктүрүү программасы менен ЕККУнун өкүлдөрү менен президент экология маселесин талкуулады.

Жапаров Кыргызстан кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашырууга киришип жатканын айтты. Анын айтымында, ушул жылы Камбар-Ата ГЭСнин курулушун баштоо пландалып жатат.

«Ала-Арча» жаратылыш паркы. Сүрөт: Султан Досалиев

Ошондой эле Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө, жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө, сапаттуу үрөн сатып алууга өзгөчө көңүл буруларын убадалады.

Жолугушууга ошондой эле экология министри Динара Кутманова жана президенттин администрациясынын өкүлү Алмаз Исанов да катышты.

«Луиз Чемберлен белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун Глазгодо өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин Саммитинде сүйлөгөн сөзү абдан маанилүү», — деп билдиришти президенттин администрациясынан.

2021-жылы Глазгодо өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышкан. Өз сөзүндө Жапаров Кыргызстан парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга аракет кыларын убадалап, ал бизнес Кыргызстандагы мөңгүгө зыянын тийгизип жатканын айткан.

Ага чейин 2021-жылдын сентябрында болсо, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясына катышкан, анда да кебинин бир бөлүгү экология маселесине арналган.

Жапаров БУУнун камкордугу астында тоо токойлорун сактоо жана калыбына келтирүү боюнча атайын программа кабыл алууну сунуштаган. Ошондой эле, ал тоо мөңгүлөрүн сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз экономикасы барган сайын «жашылданып» баратканын айткан.