Ташиевдин жээни башкарган «Кыргыз Петролеум Компаниге» 9 га жер тилке акысыз 49 жылга берилет

Президент Садыр Жапаров, президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана «Кыргыз Петролеум Компанинин» башчысы Байгазы Матисаков. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Министрлер кабинети УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков башкарган «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына 9 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү чечимин кабыл алды.

Аталган жер тилкеси нефтини кайра иштетүүчү заводдун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат.

«Белгилей кетсек, өлчөмү 9 га жер участкасын 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүдө мамлекет аталган жер тилкесине менчик укугун жоготпойт», — деп билдирди минкабдын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык ижарага берилген жер Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагындагы мамлекеттик менчик болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому жана “Элдик” мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер тилкесине мөөнөтү 10 жылга узак мөөнөттүү ижара келишими түзүлгөн», — деп кабарлашты Министрлер кабинетинен.

«Кыргыз Петролеум Компани» компаниясы

«Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому — «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун туунду компаниясы. Анда мамлкететтин 85%дык үлүшү бар. Компанияны Садыр Жапаров бийликке келгенден тартып УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектейт.

«Кыргыз Петролеум Компани» компаниясы Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Заводдон алыс эмес Ташиевдердин үй-бүлөсүнө караштуу «Томас» компаниясы орун алган.

Матисаковдун өзүнө эки компания катталган — «Бай Компани» и «Бай-Таш Компани». Биринчи компания чийки мунай өндүрүү менен алектенет.

Тема боюнча:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты