Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

Садыр Жапаров, Абсаттар Сыргабаев жана Байгазы Матисаков «Кыргыз Петролеум Компани» заводунда. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы 

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу иликтөө жарыяланды.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Жалал-Абаддагы мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому «Регион Ойл» жеке компаниясы аркылуу Өзбекстанга мазут экспорттоп жатат. Журналисттер «Регион Ойл» ортомчу ишкана болуп туруп эле эки күндүн ичинде 37 млн сомдук киреше тапканын аныкташкан.

Ташиевдин жээни жана «Кыргыз Петролеум Компани»

Журналисттер «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясын Ташиевдин жээни, 31 жаштагы Байгазы Матисаков жетектеп жатканын ачыкташты. Матисаков бул кызматка 2020-жылы бийликке учурдагы президент Садыр Жапаров келгенден кийин дайындалган.

Буга чейин заводду Нурлан Максутов жетектеп келген — ал жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасына таандык.

«“Кыргыз Петролеум Компани” “Кыргызнефтегазга” тиешелүү жападан-жалгыз нефтини кайрадан иштетүүчү ишкана. Эки ишканада тең мамлекеттин үлүшү бар. Заводдо Кыргызстанда казылып алынган нефть кайра иштетилип, дизель, бензин, мазут өндүрүлөт», — деди иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 18-декабрында жумушчу сапарынын алкагында аталган ишканага барган. Анда ал «Кыргыз Петролеум Компани» 2020-жылы 47 млн сом зыян тартса, 2021-жылы ишкананын таза кирешеси 160 млн сомду түзгөнүн билдирген.

«Регион Ойл» жана Ташиевдер

Ал эми «Регион Ойл» ишканасы «Кыргыз Петролеум Компаниде» өндүрүлгөн мазутту экспорттойт. Тыныстанов «Регион Ойл» 2021-жылдын 23-24-июнь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна 3 666 тонна мазут экспорттогонун билдирди. Ишкана мындан 37 млн сом киреше тапкан.

«Регион Ойл» 34 жаштагы Назгүл Айдаровага таандык — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталды.

Temirov Live «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга таянып, Айдарова жетектеген «Регион Ойл» бир жылдын ичинде Түштүк-батыш бажыга товарларды каттоо үчүн 52 жолу төлөм жүргүзгөнүн билдирди.

«Бир гана мазут экспорттойбуз. Мазуттан бөлөк продукцияны экспорттоого тыюу салынган, ошого мазутту гана экспорт кылабыз [...] [2021-жылы] Өзбекстан, Италияга [экспорт болду]», — деген Айдарова Temirov Live’дын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда Айдарова «Регион Ойл» бир жылда канча тонна мазут экспорттогону тууралуу маалыматты ачыктоодон баш тартып, Салык кызматына кайрылууну айткан.

«Эмнеге ортомчусу жок, экспорттогонго мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик ишкана миңдеген тонна мазутту ортомчулардын колуна карматып жатат? “Кыргыз Петролеум Компани” жылына 160 млн сом тапса ортомчу “Регион Ойл” эки күндүн ичинде 37 млн сом киреше таап отурат», — деп суроо салган иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда официантты сабаган киши менен Ташиевди эмне байланыштырат?

Temirov Live: Камчыбек Ташиев «Ала Арча» резиденциясында жашап жатат