Казакстан: Эки кыргызстандык январдагы башаламандыктарга катышууга шектелип жатат

Казакстандын Башкы прокуратурасы январдагы башаламандыктарга катышууга шектелген 19 чет өлкөлүк тууралуу маалымат таратты. Кылмыш иши козголгондордун экөө кыргызстандык. Бул тууралуу казак Башпрокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдирди.

Серик Шалабаев кылмышка шектелгендердин 11и өзбекстандык, төртөө орусиялык, экөө кыргызстандык экенин, Кытай жана Тажикстандын бирден жарандары бар экенин айтты.

«Тергөөнүн версиясы боюнча, бул жарандар массалык башаламандыкка катышкан. Алар уурулукка дагы айыпталып жатышат. Тергөө иштери жүрүп жатат, дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү Шалабаев.

Аны менен катар, чет өлкөлүктөрдүн эч кимиси терроризмге айыпталбаганын баса белгиледи.

Казакстандагы январь окуялары

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаарлардын тургундары да кошулуп, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

Январь окуяларына катышкан деген шек менен жалпы 10 миңден ашык адам кармалган. Ошол эле маалда, укук коргоочулар жана кармалгандардын жакындары убактылуу кармоо жайында жана ТИЗОдо кыйноолор болуп жатканын айтып чыгышкан.

Казакстандык күч түзүмдөрүнүн кыйноолоруна кыргызстандыктар да кабылышкан. Алардын ичинен Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун окуясы коомчулукта резонанс жараткан. Джаз музыкант Рузахуновду сабап, камерага өзү тууралуу жалган айтууга мажбурлашса, экинчи кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки бутун сындырышкан. Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого алынганы боюнча Кыргызстанда да Казакстанда да кылмыш иши козголгон.