Бекешев: Өкмөт бюджетти колдоо үчүн 160 млн доллар кредит алууну пландап жатат

Парламент депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында минкаб Европа өнүктүрүү банкынан өлкөнүн бюджетин колдоо үчүн 160 млн доллар насыя алууну пландап жатканын билдирди.

«Акча энергетика тармагын, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жумшалат», — деп жазды Бекешев.

Эл өкүлү жарыялаган документтерге ылайык, Кыргызстан Европа өнүктүрүү банкынан насыя алат. Акчаны өлкө эки транш менен алат: биринчисин — 2022-жылы жана экинчисин — 2023-жылы.