Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ӨКМге 58 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алынды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстанга 58 жаңы өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-марттагы маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы унаалар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында сатылып алынды.

«Өрт өчүрүүчү унаалардын сыйымдуулугу 6 тонналык цистерналары бар, заманбап өрт өчүрүүчү техникалар, ошондой эле атайын шаймандар менен жабдылган. Сатып алынган унаалар биздин климаттык шартта иштөөгө ыңгайлашкан», — деди министр.

Аны менен катар Бообек Ажикеев өрт өчүрүүчүлөр үчүн 300 даана атайын кийим алынганын, жакын арада министрликтин эсебинен кошумча 700 даана кийим алынарын кошумчалады.

Ажикеевдин айтымында, өрт өчүрүү мекемелерине унаа тапшыруу аземи 25-мартта Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул эле долбоордун алкагында жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясын алган. Бирок канча унаа алынганы кабарланган эмес.

Өткөн жылдын июнь айында ӨКМ материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн донорлорго кайрылып, 80ден ашык өрт өчүрүүчү унаа, эки тик учак жана кошумча техниканы бекер аларын кабарлаган.

Ал эми инистр Бообек Ажикеев 2021-жылга карата отчёт берип, ӨКМге өрт өчүрүүчү техникалардан тышкары 80ден ашык оор техника келгенин билдирген.

Автору: Айканыш Амирова

Редактору: Найзабек Мукамбетов