Министр кардиохирург Калдарбек Абдрамановду кызматтан алды, медиктер бул чечимге каршы

Бейшеналиев жана Абдраманов. Сүрөт: Azattyk, коллаж: Kloop

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун дарыгерлери хирург Калдарбек Абдрамановду жетекчилик кызматтан алынышы боюнча 15-мартта президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Борбордун кызматкери Венера Орунбаева «Азаттыкка» курган маегинде кызматкерлер жетекчинин жумуштан алынаары тууралуу массалык маалымат каражаттарынан билишкенин айтты.

Медиктер депутаттык комиссия түзүлүп, ал Абдрамановдун жасаган иштерин карап чыкмайынча кызматтан алынбашын талап кылышууда. Ошондой эле ишти президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алса дешет.

14-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов «кызматтан алынат» деп билдирген.

Ал «борбордун каржы иштеринде мыйзам бузуулар болгон» деп, жакын арада укук коргоо органдары тергөө иштерин баштарын айткан.

Абдраманов өзү «Клоопко» кызматтан алынаары тууралуу ЖМКларга чыккан жаңылыктардан окуганын, расмий буйрукту колуна ала электигин билдирген. Профессор эки жума мурда министрликтин ички аудит кызматы борбордо текшерүү жүргүзүп, айрым мыйзам бузуулар аныкталганын айтты. Ошол эле учурда «бүт өмүрүмдү медицинага арнап, аягында айыпталып жатканым өтө жагымсыз» деди.

Ошондой эле ал аудиттер таап чыккан бузуулар завхоздордун маянасына байланыштуу экенин айткан. Ал борбор ачылгандан бери министрлик тарабынан унаа бөлүнбөгөнүн, ал эми завхозго кызматкерлерди корпустар арасында ташыганы үчүн акы төлөнгөнүн белгилеген.

«Алты жыл мурда бизге жаңы имарат бөлүп беришкен. Ал жакта төрт бөлүм иштейт, үчөөсү мурдагы корпуста. Алардын аралыгы беш километр. Биз тамакты таксиде ташыйт элек, кээде мен өзүмдүн унаамда кызматкерлерди жана тамак ташып, абалдан чыгат элек. Анан биз завхоз ташыса ага маяна төлөп беребиз деп чечкенбиз. Биз мамбюджеттин акчасын үнөмдөгөнбүз, аны болсо каржылык бузуу деп жазып коюшту», — деген профессор.

Анткен менен Абдраманов кызматтан алынганына карабай Бейшеналиевдин ремормаларын колдой турганын айткан. Ал министр медицинанын абалын жакшыртууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Абдраманов жана илимий борбор

Калдарбек Абдраманов — медицина илимдеринин доктору, профессор. 2014-жылдын 11-ноябрында ал саламаттык министрлигинин башкы кардиохирургу болуп дайындалган.

Ошол эле жылы Абдрамановдун башчылыгы астында Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун дарыгерлери жүрөккө мобилдик телефондордун жарыгы менен операция жасашкан. Анткени операция башталган учурда ооруканада электр жарыгы өчүп калды.

Операция жасалып жаткан учурдун видеосу коомчулукта жана Кыргызстандын сыртында да тарап, колдонуучулардын реакциясын жараткан болчу.

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору заманбап дартты аныктоо жана дарылоочу түштүктөгү жалгыз борбор. 2015-жылга чейин илимий борбор облусттук оорукананын имаратында иш алып барып келген.

Кийинчерээк өкмөт Кадыржан Батыровго таандык курулушу бүтө элек имаратты борборго өткөрүп берген. Учурда дарыгерлер оңдоп-түзөөгө муктаж имаратта иштеп жатышат. Буга мамлекет тарабынан каражаттын бөлүнбөй жатканы себеп. Имаратты куруп бүткөрүү үчүн 70 млн сомдон ашуун каражат керектелгени айтылган.