Жалал-Абадда жүрөк операциялары бир жылдан бери курулуп бүтө элек имаратта жасалууда

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борбору. Cүрөт: Руслан Калматов /  "Азаттык"

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жамааты курулушу толук бүтө элек имаратта иш алып барууга аргасыз болууда. Буга каражаттын бөлүнбөй жатканы себеп.

Оорукананын жетекчиси Калдарбек Абдраманов «Клоопко» билдиргендей, имаратты куруп бүткөрүү үчүн 70 млн сомдон ашуун каражат керектелет. Бирок акча бөлүнбөгөндүктөн 2018-жылы дарыгерлер каражат чогултуп биринчи кабаттын бир бөлүгүн өз алдынча оңдошкон.

«Имаратты оңдоого Саламаттыкты сактоо министрлигинен 4 млн сом, жергиликтүү бийликтен 1,5 млн сом каражат бөлүнгөн. Кошумча каражатты дарыгерлер марафондон топтошкон. Бейтаптар көп болгондуктан өз алдынча ремонт кылып, аргасыз иштеп атабыз», — деп түшүндүрдү Абдраманов.

Абдраманов кошумчалагандай, эки жыл мурун аталган борборго 600 миң еврого ангиографиялык аппарат алынган. Жүрөктүн миокард оорусу ушул аппарат менен дарылангандыктан, муну ишке киргизүү зарыл болгон.

Курулушу толук бүтө элек имаратта иш алпарып жаткандыгы үчүн экотехинспекция борбордун жетекчилигине 19-сентябрда эскертүү берген. Анткени талап боюнча имарат мамлекеттик комиссиядан өткөндөн кийин гана пайдаланууга берилиши керектигин айтат шаардык экотехинспекция башкармалыгынын башчысы Бекжан Султангазиев.

«Курулуш бүтө элек, комиссиядан да өтө элек деп ишинерди токтоткула деген талап койдук. Бир ай ичинде талап аткарылбаса, сотко кайрылууга туура келет», — деп билдирди Султангазиев.

Курулушу толук бүтө элек имарат Кадыржан Батыровго таандык болгон. Илимий борбордун мурда өз имараты жок болгондуктан, өкмөт аны 2015-жылы борборго өткөрүп берген. Оорукана 96 бейтапка ылайыкталганы менен учурда алты гана оорулууну кабыл алууда.