«Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды

Транспорт министрлиги «Сосновка» көзөмөл-өткөрмө жайында жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө койгон чектөөсүн алды. Бирок ведомство дагы деле кар көчкү түшүү коркунучу тургундыктан айдоочуларды Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жана Чапчыма ашуулары аркылуу сапарга чыкпай турууга үндөдү.

«Туруксуз аба-ырайына байланыштуу Транспорт министрлиги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тыгын жаратпоо үчүн ашуу тилкелери аркылуу сапарга чыкпай турууну суранат. Көчкү алдында калбаш үчүн унаанын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоого чакырабыз», — деп билдирди министрлик.

Бишкек — Ош автожолуна шагыл-туз аралашмасы чачылып жатат.

18-мартта «Сосновка» постунда Төө-Ашуунун аймагында аба-ырайы туркташканга чейин унаанын бардык түрүнүн өтүшүнө чектөө киргизилген болчу.