Акылбек Жапаров Кумтөр эми Кыргызстанга таандык экенин айтты. Эмне үчүн азырынча андай эмес?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр алтын кени кыргызстандыктарга кайтарылганын» дагы бир жолу билдирди. Бул тууралуу ал 21-мартта Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөн Нооруз майрамына карата иш-чарада айтты.

Жапаровдун айтымында, бийлик «Кумтөр» кенине тышкы башкаруу киргизгенден кийин кенди иштетүүдөн түшкөн киреше 48 млн доллардан 220 млн долларга чейин жогорулаган.

«Тышкы жардамсыз эле кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларыбызга көпчүлүгү күмөн санашкан. Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. [...] Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул – элдин жеңиши! Кумтөр – Кыргыз Республикасына таандык! Бул тарыхый учур», — деди ал.

Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенинде. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

«Кумтөрдүн» тарыхы

Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

2021-жылдын 17-майында депутаттар «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башкаруучу кылып дайындашкан. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасын Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төгүп берүүгө милдеттендирген. Буга кошумча Акылбек Жапаров төрагалык кылган «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия Centerra Gold компаниясынан экологияга келтирилген зыяны, салык жана айып пулдар үчүн 4,2 млрд доллардан ашык каражат өндүрүүнү сунуштаган.

Канадалык компания буга жооп кылып Кыргызстандын өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерди бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп билдирген. Ошондой эле канадалык компания Бөлтүрүктү, андан кийин кыргыз өкмөтүн сотко берген.

Тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр

Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Centerra бир нече жолу «Кыргызстандын жетекчилиги менен конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин», бирок кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдү баштоо аракетинен баш тартып жатканын билдирген.

Анда Тенгиз Бөлтүрүк Канада «айыптоочу тараптын позициясында» экенин белгилеп жооп берген. Ал «Centerra аларга коюлган дооматтарды мойнуна алып, кен иштетүүдө Кыргызстанга тең укуктуу өнөктөш катары мамиле кылмайынча сүйлөшүүлөр болбостугун» айткан.

Сүйлөшүүлөрдөгү жылыштар 2021-жылдын сентябрынын аягында байкалган. Анда Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган кыргыз делегациясы Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушуу үчүн Женевага сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасына барган. ЖМКлар делегациядагы өздүк булактарына таянып сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы «канааттандыраарлык» болгонун жазышкан. Кийинчерээк видеоконференция аркылуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өткөн.

Президент Садыр Жапаров 2-январда Кумтөр кенине барып, «канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдө жакшы жылыштар бар экенин» билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк менен Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

«Учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр Голд Компани” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатат», — деген ал.

Кийин канадалык компания Кыргызстан Centerra’дагы акцияларынан жана бардык экологиялык доосунан баш тартышы керек деген шарттарды койгон.

Минкаб бул шарттар тууралуу бүгүнкү күнгө чейин комментарий бере элек. Февраль айында гана Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Centerra 15-мартка чейин бир жыйынтыкка келерин билдирген. Бирок азырынча расмий түрдө жыйынтык айтыла элек.

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында депутаттар минкабдын Centerra менен келишимге баруу талаптары камтылган долбоорун жактырышкан. Бирок кандай талаптар жазылганы алигиче белгисиз.

«Мен азыр кээ бир нерселерди айта албайм, ал жашыруун. Бирок биз аткаруу бийлигинин Кумтөрдү 100% өзүнө алуу чечимин толугу менен колдоп, анын жанында болдук. Кээ бир нерселер бар эми, аны азыр айтканга болбойт. Аны өкмөт иштеши керек. Жакын арада, буюрса, бул кыргыз элинин пайдасына чечилет. Аны өкмөт түшүндүрөт го», — деп айткан Балбак Түлөбаев жыйындан кийин «Азаттыкка» курган маегинде.