«Центерранын» президенти кыргызстандыктарга кайрылды

Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал Канаданын компаниясы Кыргызстандын жетекчилиги менен конструктивдүү диалогго дагы да болсо даяр экенин белгиледи.

Centerra Gold Inc өзүнүн туундуу компаниясы «Кумтор Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Кыргызстандын карамагында Centerraнын акциясынын 26%ы бар жана аталган компаниянын ири өлчөмдөгү акциясына ээлик кылат.

Скотт Перри эмне дейт?

Кайрылууда Канада компаниясы 3,4 млрд доллардан ашык каражатты Кумтөр кенин иштетүүгө жумшап, анын иштөө мөөнөтүн 18 жылдан 34 жылга* узартканы айтылат.

*2019-жылы кен иштетүүнү 2031-жылга чейин узартышкан. Алгачкы казуулар 1997-жылы башталган.

Андан тышкары, Перри Centerra Gold комапниясынын башкаруусу алдында «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандагы эң ири менчик иш берүүчү жана «өлкөнүн экономикасына жана социалдык программаларына маанилүү салым кошкон» эң чоң салык төлөөчү болгонун белгилеген.

«“Кумтөр” кенин басып алуу биз биригип курган нерселердин баардыгын жокко чыгаруучу жалган маалыматка жана жүйөөсүз күнөөлөргө негизделген. Өкмөттүн негизсиз аракеттери миңдеген жогорку маяналуу иш орундарына, жүздөгөн кыргызстандык жабдуучулардын бизнесине коркунуч туудурат деп кооптонобуз», — деген ал.

Канада компаниясынын президенти Кыргызстандын бийлигинин иш аракети «өлкө экономикасына жана келечекте мамлекетке келүүчү чет өлкөлүк инвестицияларга коркунуч туудурарын» баса белгиледи.

«Эл аралык инвесторлорго ишенимдүүлүк керек. Алар кол коюлган келишимдерди өкмөт сактап жана урматтап, эрежелерин эскертүүсүз өзгөртпөй турганын билгилери келет», — деп кошумчалады Перри.

Ошондой эле, Centerra Gold компаниясынын айтымында, «Кумтөр» кенинин ишин дагы узартуу үчүн 2 миллиард доллар кошумча инвестиция салууну пландаштырып жаткан, бирок акыркы окуялардан улам ал пландар токтотулган.

Биз дагы деле Кыргызстандын жетекчилиги менен үзүрлүү сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бирок буга чейин сүйлөшүүлөрдү баштайлы деген биздин аракеттерибизди бийлик четке кагып жатты. Ортобуздагы келишпестиктерди биз дайыма сүйлөшүүлөр жана келишүү ымаласы аркылуу чечип алчубуз. Бул жолу болсо өкмөт “Кумтөр” кенин атайын улутташтыруу аракетин жасап жатат же Centerra Gold’ду күчкө салып ээлигинен баш тарттыруу аракети болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда», — деп билдирди Перри.

Анын айтымында, учурда компания талаш-тартышты алгылыктуу чечип алууну максат кылууда.

«Ошол эле мезгилде биз “Кумтөр” кенинин баалуулугун сактап, Centerra Gold’ду жана анын кызыкдар тараптарын өкмөттүн укуксуз амалдарынан коргоп калуу үчүн болгон аракетибизди жасап жатабыз», — деп белгилеген ал.

Кумтөрдүн айланасынды эмне болуп жатат?

Соңку бир нече апта ичинде Кумтөр кени депутаттар менен коомчулуктун назарына түштү. 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ага чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда компаниялардын биринде тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Дагы окуңуз: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Centerra Gold кандай чара көрүп жатат?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укутарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

«Ушул жылдын башынан Кыргызстандын бийлиги Кумтөрдүн пайдубалын бузуу үчүн өтө тез аракеттенип, биз менен чыр болуп жаткан маселелер боюнча биргеликте иш алып баруудан баш тартты. Ошол эле убакта, өкмөттүн кастык аракеттери бизге Центерранын жана анын акционерлерин бардык мыйзамдуу каражаттар менен коргоону улантуудан башка арга калтырбай жатат», — деди Скотт Перри 16-майда.

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

«Мындан ары Centerra Gold Кумтөр кенин көзөмөлдөбөйт жана кызматкерлердин, кендин ишмермердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздай албайт. Өкмөт кен жайын өз карамагына тартып алганга чейин, негизги коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация бардык системалар талапка ылайык иштеп жаткан», — деп билдиришкен компаниядан 17-майда.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Центерранын билдирүүсүндө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын, мындан тышкары, ал «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылган.

«12-майда, кенди басып алганга чейин, “Кыргызалтын” 29 миллион доллар каражатты үчүнчү жакка жөнөтүлүүчү жасалма төлөм тапшырыгын колдонуу менен күмөндүү банктык эсепке которууга аракет кылган. Ал эсеп болжолу “Кумтөр голд компанинин” атына ачылган», — деп айтылат Centerra компаниясынын билдирүүсүндө.

* «Кыргызалтын» Centerraны «”Кыргызалтындын” дарегине обу жок айыптоолорду айтуудан карманууга» чакырган.

Канадалык компания сот аркылуу Бөлтүрүктүн Кумтөр кенин башкарууга түз же кыйыр катышуусуна тыюу салдыргысы келет.

Ошондой эле 1-июнда Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышканы белгилүү болгон.

Алардын документтери АКШнын банкрот болуу жөнүндөгү Федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык Түштүк округунда каттоого алынышы керек.

Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

Дагы караңыз: «Кумтөр» банкрот болуу процессин баштоо үчүн сотко кайрылды