ЭВФ: Орусияга каршы санциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө терс таасир этет

Эл аралык валюта фондунун эксперттери (ЭВФ) Орусиянын Украинага толук масштабдуу кол салуусунун бүткүл дүйнө жүзүнө экономикалык кесепети кандай болорун айтып беришти.

Алардын маалыматында, өсүүнүн басаңдашы жана инфляциянын тездеши бүткүл дүйнөлүк экономикага байкалат.

Инфляциянын өсүшү эмнеге алып келет?

ЭВФтегилер инфлюциянын өсүшү төмөнкү негизги кесепеттерге алып келерин болжошту:

  • азык-түлүктүн жана мунайдын түрлөрүнүн баасы жогорулайт;
  • Орусия менен Украинанын коңшулары соода-сатыкта жана акча которууда үзгүлтүктөргө учурап, ошондой эле качкындардын агымынын тарыхый өсүшүнө кабылышат;
  • инвесторлор өз салымдарына ишенимин жоготушат. Бул финансылык шарттардын катаалдашына жана капиталдын өлкөлөрдөн чыгып кетишине алып келиши ыктымал.

Эксперттер Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал мунайдын жана жаратылыш газынын дүйнөлүк баасынын жогорулашына алып келгенин айтышууда. Аны менен кошо азык-түлүктүн, анын ичинде буудайдын да баасы көтөрүлгөн байкалууда. Буудайдын дүйнөлүк экспортунун 30 пайызы Украина менен Орусияга туура келет.

Борбордук Азия үчүн бул эмнени түшүндүрөт?

Эксперттер Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү Орусия каршы киргизилген санкциялардын таасирин башкаларга караганда көбүрөөк сезет дешет.

«Соода-сатык жана төлөм системасындагы тыгыз байланыш аркылуу санкциялар соода-сатыкка, акча которууларга, инвестицияга жана туризмге таасир этет.

Бул өз кезегинде экономикалык өсүшкө, инфляцияга, тышкы операцияларды жүргүзүүгө жана бюджеттик эсептөөлөргө терс таасирин тийгизет», — деп айтылат ЭФТнин маалыматында.

Эксперттер эгер санкциялар Орусия аркылуу өткөн түтүктөргө чейин жете турган болсо, анда коңшу өлкөлөргө мунай, газ жана көмүрдүн экспорту кыйла кыскарын да белгилешүүдө.

Санкциялардын Кытайга таасири

Бул өлкөгө Орусияга каршы санкциялар анчейин деле таасир этпейт, себеп дегенде Кытайдан Орусияга экспорт салыштырмалуу аз чыгат жана бюджетти стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлгөн.

«Бирок биржалык товарлардын баасы өсүп, ири экспорттук рыноктордо суроо-талаптын азайышы маселени ого бетер курчутуп жатат», — деп айтылат отчётто.

Санкциялардын бүткүл дүйнөгө кесепети

Отчётто Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бүткүл дүйнөнү нес кылганы, бул каржылык коргоонун глобалдык системасы менен экономиканы коргоо максатында аймактык механизмдерге муктаждык бар экенин айтып турганы белгиленет.

Документте согуштун айрым кесепеттери бир топ жылдан кийин сезилиши мүмкүн экени, бирок согуштан улам өсүп кеткен баалар көпчүлүк өлкөлөр үчүн «инфляцияны кармап туруу менен пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүүнү колдоонун ортосунда теңсалмакты орнотууда» кыйынчылыкты жаратат деп айтылат.

Тема боюнча окуңуз:  Украина: Он млн тургун үйлөрүн таштап кетти, Зеленский орусиячыл партиялардын ишин токтотту