Украина: Он млн тургун үйлөрүн таштап кетти, Зеленский орусиячыл партиялардын ишин токтотту

Украинадагы согуштан улам 10 миллиондон ашык адам өз үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу БУУнун качкындар иштери боюнча комиссары Филиппо Гранди билдирди.

Грандинин маалыматы боюнча, бул эсепке өлкөдөн чыгып кеткендер эле эмес, өлкө ичинде орун которгондор да кирет.

Ошондой эле, Адам укуктары боюнча кеңештин маалыматына караганда, укук коргоочулар 24-февралдан 18-мартка чейин, Орусиянын толук кандуу кол салуусунан бери Украинанын 847 жай тургуну каза болгонун катташкан, алардын 64ү — жаш балдар.

Ал эми орус аскерлеринин көзөмөлүндө турган Донецк жана Луганск облустарында 240 киши каза болуп, дагы 728 адам жарадар болгон.

«Жай тургундар каза таап же жарадар болгон учурлардын көбүнө кеңири аймактарды кыйратуучу жарылуучу заттарды, анын ичинен оор артиллерияларды жана бир эле учурда бир нече багытта ок чыгаруучу реактивдүү системаларды колдонуу, ошондой эле ракеталык жана авиа чабуулдар себеп болгон», — деп айтылат уюмдун маалыматында.

Орус армиясы көзөмөлдөп жаткан Чернобыль атомдук электр станциясында жумушчулар жарым-жартылай ротацияланды. 20-март күнү станциядан 64 адам чыгарылып, ишти улантуу үчүн алардын ордуна кызматкерлердин арасынан 48 ыктыярчы жөнөтүлгөн.

Станция 24-февралда басылып алынып, ал жерде иштеген жумушчулар 600 саат бою эс алуусуз иштөөгө аргасыз болушкан.

20-мартта Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович фронт дээрлик «катып калганын», себеби абалды тигил же бул жактын пайдасына өзгөртүү үчүн орус тараптын да, украин тараптын да күчү жетпей жатканын билдирди.

«Тараптар тактикалык аракеттерди жасап, резервди топтоп, бири-бирине сокку уруп жатышат. Бирок биз тараптан сокку катуу урулуп жатат», — деп билдирди Арестович. Аны менен катар, Орусия азыр Украинанын шаарларына дээрлик ракеталык сокку урбай калганын кошумчалады.

Ал арада, Conflict Intelligence Team (CIT) платформасыныны серепчилери Орусия Украинага аскерлерин жана инженердик техникаларын тартууну токтотпогонун айтып чыгышты.

Алар азыр орус аскерлерин алып келүү Украинага кол салган алгачкы айларга караганда басаңдаганын кошумчалашты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө согуштук абалды узартты. Бул тууралуу Украинанын Жогорку радасы кабарлады. Жарлыкка ылайык, согуштук абал 26-мартта башталып 30 күнгө узартылды. Буга чейин Зеленский өлкөгө 24-февралдан тарта бир айга согуштук абал киргизген болчу.

Ошол эле учурда, Зеленский Орусия менен байланышы болушу мүмкүн деген 11 саясий партиянын ишмердүүлүгүн согуштук абал аяктаганга чейинки аралыкка токтотту. Алардын арасында «Жашоо үчүн — Оппозициялык платформасы» бар, анын саясий кеңешин Виктор Медведчук башкарат. Медведчуктун Путин менен байланышы бар экени айтылып жүрөт. Владимир Путин Медведчуктун кызын чокунтуу жөрөлгөсүнө катышып, экинчи атасы атанган.