Сот Өндүрүш Токтонасыровду «милицияга баш ийген эмес» деп 3 миң сом айыпка жыкты

22-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин алдына акцияга чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча козголгон ишти кыскартты. Ал эми «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси боюнча 3000 сом айып салды.

Милиция кызматкерлеринин протоколунда Токтонасыров коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн деп жазылган. Бирок отурумда милиция кызматкери адвокаттын суроосуна жооп берип жатып, Токтонасыров сөгүнбөгөнүн, тургундарга тоскоолдук кылбаганын белгиледи.

Өндүрүш Токтонасыров Орусия элчилигинин алдындагы акция учурунда. Сүрөт: «Акипресс»

Укук коргоочу өзү да тергөөнүн айыптоолорун төгүндөп, тартип сактоо кызматкерлери элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө болбой турганын түшүндүрбөй, дароо милиция бөлүмүнө алып кеткенин айтты.

«Кызматкерлердин бири өзүн өтө адепсиз, агрессивдүү алып жүрдү. “Токтонасыров сен эмнеге бул жерге келдиң? Токтом чыкканын билбейсиңби? Мен сени жүктөп кетем” деди. Мен ага каршылык көрсөткөн жокмун, жөн гана оюмду айттым», — деди Токтонасыров.

Күбөлөрдү угуп, видео далилдерди көрүп чыккан соң прокурор «Майда бейбаштык» беренеси менен Токтонасыровго козголгон ишти «айла жок кыскартууну» суранды.

Сот Токтонасыровдун аракетинде кылмыштын курамы жок экенин белгилеп, ага козголгон ишти кыскартты. Ошондой эле, сот Токтонасыровго карата «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси боюнча козголгон экинчи иш боюнча 3 000 сом айып салды.

Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулардын бири Азиза Абдирасуловага «Майда бейбаштык» беренеси менен козголгон иш боюнча сот отуруму бүгүн, 22-мартта саат 13:00дө каралат.

Буга чейин, 18-мартта Биринчи май райондук соту укук коргоочу Динара Ошурахунованын ишин караган. Анда сот Ошурахунованын аракетинде кылмыштын курамы жок экенин белгилеп, кылмыш ишин кыскарткан.

Укук коргоочуга карата «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси менен дагы кылмыш иши козголгон, ал 25-мартта каралат.

Укук коргоочулар уюштурган митинг

2022-жылдын 17-мартында милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдирасулова, Өндүрүш Токтонасыров жана Динара Ошурахуноваларды Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн кармап кетишкен. Алар Украинадагы согушка каршы жана Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө чектөө койгонуна нааразы экенин белгилешкен.

Митинг учурунда Абдирасулова эмне себептен тыюу салынганына карабай митингге чыкканын түшүндүрүп, 2002-жылы Аксы окуясында дагы митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эске салган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон. Чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин уланат.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынчтык митингин өткөрсө болорун белгилешкен.

Тема боюнча:

Бишкек: Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан активисттерди милиция кармап кетти

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Күбөлөрдөн көрсөтмөнү орус тилинде берүүнү талап кылган судья талкуу жаратты