Күбөлөрдөн көрсөтмөнү орус тилинде берүүнү талап кылган судья талкуу жаратты

Соцтүйүндө сот отурумунун күбөлөрүнөн расмий тилде сүйлөөнү талап кылган судьянын окуясы кызуу талкуу жаратты. Фейсбукта саясатчылар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана маданият өкүлдөрү жеке барактары аркылуу судьяны сындап, жумуштан алууну талап кылышты.

Эмне болгон?

18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «тыюу салынганына карабай» Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыккан Динара Ошурахунованын иши каралды. Укук коргоочуга «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козголгон болчу.

Сот отурумунун жүрүшүндө күбө катары көрсөтмө бергени келген жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров трибунага чыккан. Судья Токтонасыровго орус тилинде суроо узаткан.

Өндүрүш Токтонасыров орусча сүйлөй албастыгын айтып, судьядан катуурак сүйлөөнү жана кыргыз тилинде суроо берүүсүн өтүнгөн.

«Катуурак сүйлөңүзчү жана кыргыз тилинде. Орусча жооп бере албайм. Кайсы тилде сүйлөйм ал менин өзүмдүн эрким, укугум. Мен орусча сүйлөй албайм [...]», — деген Токтонасыров.

Бирок судья отурум орус тилинде өтүп жатканын белгилеп, күбөдөн көрсөтмө ала албасын айткан.

Ошол учурда адвокат Нурбек Токтакунов сөзгө аралашып, «ишти жылдырып, котормочу табуунун кереги жок, барыбыз кыргызча түшүнөбүз» деген оюн айткан. Бирок судья адвокаттын суроосун жоопсуз калтырып, өзүн отурууга буюрган.

Токтакунов болсо судья кыргызча көрсөтмө албаса анда ишенбестик көрсөтөрүн белгилеген.

Андан кийинки күбө, укук коргоочу Азиза Абдирасулова дагы кыргыз тилинде гана көрсөтмө бере алам дегенден кийин судья отурумду улантууга макулдугун берген.

«Материалдар орус тилинде жүргүзүлсө, ага мен күнөөкөр эмесмин, мен күбөмүн. Күбөдөн сурабайт экен, материалды кайсы тилде жүргүзүштү. Мен ошол жерде болгомун, кыргызча берем көрсөтмөнү. Кыргыз тили Кыргызстанда тыюу салынган тил эмес. Өзүбүздүн тилде эми сүйлөтпөй коёсуңарбы», — деген Азиза Абдирасулова.

Ал күнү Биринчи май райондук соту укук коргоочу Динара Ошурахуновага козголгон «Майда бейбаштык» боюнча кылмыш ишин кыскарткан.

Өндүрүш Токтонасыров менен Азиза Абдирасуловага «Майда бейбаштык» беренеси менен козголгон иш боюнча сот отуруму 22-мартка белгиленген.

Укук коргоочулардын митинги

2022-жылдын 17-мартында милиция кызматкерлери укук коргоочу Азиза Абдирасулова, Өндүрүш Токтонасыров жана Динара Ошурахунованы Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына митингге чыкканы үчүн кармап кетишкен.

Алар Украинадагы согушка каршы жана Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө чектөө койгонуна нааразы экенин белгилешкен.

Митинг учурунда Абдирасулова эмне себептен тыюу салынганына карабай митингге чыкканын түшүндүрүп, 2002-жылы Аксы окуясында дагы митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эске салган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянты менен Ак үйдүн жанында жана президенттик администрациянын имаратында тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө койгон. Чектөө 11-марттан 11-апрелге чейин уланат.

Райондук соттон чектөө эмненин негизинде киргизилгенин айтышкан эмес, болгону жарандар Исанов көчөсүндөгү Горький паркында тынчтык митингин өткөрсө болорун белгилешкен.