Украинада эң аз дегенде 925 жай тургун каза тапты, Орусия Meta’ны экстремисттик деп тааныды

Украинада 24-февралда башталган орус аскерлеринин кол салуусу уланып жатат. Согуштун акыркы суткадагы башкы маалыматтарын айтып беребиз.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөрдө мүмкүн болуучу компромисстер тууралуу маселени Украинада референдумга алып чыгуу зарыл экенин билдирди.

Ал сөз Донбасс жана Крым аймактары боюнча мүмкүн болуучу компромисстер тууралуу болуп жатканын түшүндүрдү.

«Мен бардык сүйлөшүү жүргүзүүчү топторго силер ушул бардык өзгөрүүлөр тууралуу айтып жатканда, алар тарыхый болуп калышы мүмкүн, биз эч кайда кете албайбыз, референдумга барабыз деп түшүндүрдүм. Эл компромисстин тигил же бул форматтарына жообун бериши керек. Алар кандай болот – бул Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүнүн жана түшүнүүнүн маселеси», — деди Зеленский.

21-мартта Украинанын Херсон шаарында жергиликтүү тургундар шаардын оккупацияга алынышына каршы митингге чыгышты.

Соцтүйүндөрдө жана маалымат булактарында болжолдуу орус аскерлери чогулгандарды кууп таркатып жатканы тууралуу видео жарыяланды. Тартылып алынган кадрлардан ок атуунун жана жардыруунун да үндөрүн угууга болот.

БУУ куралдуу кагылышууда каза болгондор боюнча маалыматтарды жаңылап, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгы Украинада 2421 жай тургун жабыркаганын маалымдады: 925 киши каза таап, 1 496 адам жаракат алган. Донецк жана Луганск облустарында 256 киши набыт болуп, 716 адам жарадар болгон.

Москва соту Фейсбук жана Инстаграм соцтүйүндөрүнө, анын ичинде WhatsApp мессенджерине ээлик кылган Американын Meta компаниясын экстремисттик уюм деп тааныды.

Бирок колдонуучулар аталган соцтүйүндөрдү бөгөт коюудан айланып өтүп колдоно алышат, бул үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Анткен менен орус басылмаларына аталган компаниялардын эн белгилерин демонстрациялоого тыюу салынды, ал эми Meta компаниясын Орусияда тыюу салынган уюм деп атоо керек болот.

Мындан тышкары, Роскомнадзор Euronews телеканалынын сайтын жапты. Сайт «Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрү жүргүзүп жаткан атайын аскердик операция тууралуу такталбаган коомдук мааниге ээ маалыматтарды жайгаштырганы үчүн» жабылганы кабарланды.