Жогорку сот Муртазалиев боюнча чечимди күчүндө калтырды

Жогорку сот депутаттыкка талапкер Абдурахманханджи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруунун мыйзамдуулугу боюнча Бишкектин Административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Муртазалиев Свердлов бир мандаттуу округунан эң көп добуш алган. Боршайкомдон «Клоопко» аталган округда кайра шайлоо болобу-жокпу азырынча белгисиз деп түшүндүрүштү.

«[Добуштар] кайра саналып жатат. Эгерде Абдурахманхаджи Муртазалиевге берилген добуштардын саны [жалпы добуштардын] үчтөн биринен ашса, анда бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат. Эгер андай болбосо — мандат добуштардын саны боюнча Муртазалиевден кийин эле турган Шайлообек Атазовго берилет», — дешти БШКдан.

Бишкектин Административдик соту 15-мартта Муртазалиевдин БШКнын чечиминин үстүнөн жазган арызын канааттандыруудан баш тарткан. БШК аны талапкер катары каттоодон баш тарткан болчу.

Муртазалиев менен Атазов. Эмне болду эле?

Бишкектин Свердлов шайлоо округу боюнча өткөн кайра шайлоодо добуштардын жыйынтыгы менен спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев эң көп добуш алып жеңген. Ал добуштардын 19,52%ын алган.

Муртазалиевден аз гана добуш менен артта калган талапкер Шайлообек Атазов атаандашын шайлоочуларды сатып алды деп айыптап, митинг өткөргөн.

7-февралда милицияга «белгисиз адамдар үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоочуларга акча таратып жатат» деген маалымат түшкөн. Кармалгандар Муртазалиевдин пайдасына үгүт жүргүзүп жатышканы кабарланган.

28-февралда Шайлообек Атазов кайра шайлоодо «жеңгенин» айтып, добуштардын саны боюнча алдыга чыккан Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптаган. Атазов тарапташтары менен бирге Бишкекте митингге да чыккан.

Тема боюнча:  Шайлообек Атазов эң көп добуш алган талапкерди «добуш сатып алууга» айыптады

БШК 9-мартта спортчу Абдурахманханджи Муртазалиевдин депутаттыка каттоосун жокко чыгарган. БШКнын жыйынында ИИМдин өкүлү укук коргоо органдары «Муртазалиевдин добуш сатып алууга тиешеси бар экенин аныкташканын» билдирген.