Атамбаевдин адвокаты Эдил Байсаловду «дискуссияга» чакырды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду «дискуссияга» чакырды. Жоошев бул боюнча кайрылуусун Фейсбук барагына чыгарды.

«Ушинтип күч колдонуп аны сотко алып келгендери туура деген ойду таратып жатасыз. Атамбаев ошондо жана бүгүнкү күндө мыйзамга баш ийбей жатат деген сөздүмдү далилдеп бере алам десеңиз, мына мен сизди, Атамбаевдин адвокаты, каалаган жериңизде, КТРК болобу же Фейсбук болобу, каалаган жериңизде, элдин жана коомдун алдында дискуссияга чакырам. Келиңиз экөөбүз кезигебиз. Каалоочу журналисттер видеого тартышсын, элге чыгарышсын. Сөзүңүздү тастыктап бере аласызбы?» — деп кайрылды Жоошев Байсаловго.

Эдил Байсаловдун билдирүүсү

Замир Жоошев Эдил Байсаловду «дискуссияга» чиновник Твиттерге Алмазбек Атамбаев өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюп жатат деп жазгандан кийин чакырды.

Байсалов Твиттер барагына 2019-жылы Атамбаев сурак берүүдөн баш тарткандыктан атайын кызматтын офицеринин каза болушуна жана башка курмандыктарга алып келген Кой-Таштагы башаламандыктар болгон деп жазган.

«Азыр ал айлап сотко келүүдөн баш тартып жатат. Кайсы укуктун негизинде? Анын миңдеген башка айыпталуучулардан же камактагылардан эмнеси артык? Абактагы соттун жана конвойдун талабына баш ийиши керектиги үчүн абак режими бар да, мына ошондуктан эркинен ажыратуу бар да», — деп жазган Байсалов.

Байсалов Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана адвокаттарына эч кандай дооматы жоктугун да кошумчалаган.

«Бирок эмне үчүн биздин укук коргоочулар адатынча ушул абактагы Атамбаевдин жалган кол тийбестик культуна жана өзгөчө экенине жабыша беришет?» — деп суроо салган минкабдын төрагасынын орун басары.

Кой-Таш окуясы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган. Штурм учурунда атайын кызматтын бир офицери каза таап, 100гө чукул адам жабыр тарткан.

Атамбаевге жана анын үзөңгүлөштөрүнө «Адам өлтүрүү», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» сыяктуу беренелери менен айыптар тагылган. Кой-Таш окуясына байланыштуу иш боюнча жалпы жонунан 19 адам айыпталууда.

Атамбаев соттон бир нече жолу ТИЗОдогу тарапташтарынын баарын бошотууну суранган: анын пикиринде, алар аны сатып кетпегени үчүн гана күнөөлүү болуп жатышат.

Атамбаевге каршы козголгон кылмыш иштери

Президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Алмазбек Атамбаеге каршы жалпы беш кылмыш иши козголгон.

Ал Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция, Кой-Таштан мыйзамсыз жер* алууга байланыштуу иштердин фигуранты*.

*Кийин Кой-Таш ишине байланыштуу эки иш бир ишке бириктирилген. 2020-жылдын июнь айында мурдагы президент Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча 11 жылга соттолгон. Бирок 2020-жылдын ноябрь айында Жогорку сот ага чейинки инстанциялардын өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн болчу.

Бирок жакында эле мурдагы президентке жаңы кылмыш иши козголгон. Ага 2020-жылдагы октябрь окуясында «Ала-Тоо» аянтындагы массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип жатканы боюнча билдирүү тапшырылган. Ошондой эле ал 2016-жылы Түркиянын 10 атуулуна кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп айыпталууда.