Тажик тарап кыргыз чек арачыларынан тартып алган куралды кайтарып берди

Архивдик сүрөт

24-мартта Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргы-тажик чек ара тилкесине жакын аймакта чыр чыгып, Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде ок чыгарган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын чек ара кызматкерлери Борбордук айылындагы кампалардын биринде токтоп турган, пластмасса жүктөлгөн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны аныкташкан. Күч органдары териштирүү жүргүзүү үчүн унааны чек ара заставасына алып барууну чечишкен — Hyundai Porter’дин айдоочусун эки аскер коштоп барган.

Чек ара кызматынын билдиришинче, Арка — Борбордук жолунда 15-20га чукул тажикстандык чогулган жерден айдоочу унааны таштап качкан. Ал эми чогулган Тажикстандын жарандары унаадагы кыргыз аскерлерин кармоого аракеттенишкен.

Мекемеден Hyundai-Porter’дин артынан келе жаткан «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын башчысы «аскер кызматкерлерин жана курал-жарактарды басып алуунун алдын алуу максатында» бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарганын белгиледи.

«Тажик Республикасынын жарандары Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармай алышкан эмес, бирок алар ок-дары салынбаган бир даана Калашников автоматын, байланыш каражаттарынын бирин алып кетүүгө үлгүрүшкөн», — деп билдирди Чек ара кызматы.

Окуядан кийин Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, кийинчерээк Арка — Борбордук унаа жолунун тилкесинде жолугушуу өттү. Сүйлөшүүдөн соң тажик тарап Калашников автоматын кайтарып берди, ал эми радиостанция изделип жатканы айтылды.

Мекемеден 25-мартка карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин кошумчалашты.

Буга чейин, 19-мартта, Лейлек районунун Саада айылында кыргыз аскери тажик чек арачылары тарабынан сабалган. Кыргыз жоокери чек ара тилкесине жакын жерден белгисиз унааны байкап, аны кармоого аракет кылып жатып Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөгөн аймакка өтүп кеткен. Тажик чек арачылары аны кармап алышкан.

Аскерди кароо учурунда анын башы жарылганы жана денеси сыйрылып жаракат алганы белгилүү болгон. Ошондой эле кийими канга боёлгон. Аскер өзү тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыкканын айткан. Чек ара кызматы бул окуя боюнча иликтөө баштаган.