Чек ара кызматы: Баткенде кыргыз аскери тажик чек арачылары тарабынан сабалды

Иллюстративдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусунун Лейлек районундагы Сада айылында кызмат өтөп жаткан кыргыз аскери тажик чек арачылары тарабынан сабалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 19-мартта болгон. Сада айыл аймагында кызмат өтөп жаткан кыргыз аскери чек ара тилкесине жакын жерден белгисиз унааны байкаган. Чек арачы унааны кармоого аракет кылып жатып Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөгөн аймакка өтүп кеткен. Тажик чек арачылары аны кармап алышкан.

Мындан улам Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, тажик тарап аскерди кыргыз тарапка өткөрүп берген.

Аскерди кароо учурунда анын башы жарылганы жана денеси сыйрылып жаракат алганы белгилүү болгон. Ошондой эле кийими канга боёлгон. Аскер өзү тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыкканын айткан.

Учурда анын абалы туруктуу деп бааланып, стационардык дарыланып жатканы айтылды. Аталган факты боюнча Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин 10-мартта Баткен районуна караштуу Тескей жерлигинин кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен менен чыр-чатак катталган. 11-мартка караган түнү Баткендин Эски-Таш аймыганда кайрадан ок атышуу болгон. Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосундагы ок атышуу дээрлик 20 мүнөткө созулган.

Мындан улам 12-мартта эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан. Алар чек арадагы жаңжалдар жана чек ара коопсуздугун талкуулап, чек ара жаңжалына жол бербөө үчүн бир катар чараларды кабыл алууга макулдашкан.