УКМК: Чет элдиктерден пара алууга шектелип «Манас» аэропортунун кызматкерлери кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы «Манас» аэропортунун кызматкерлери чет өлкөлүк жүргүнчүлөрдөн пара опузалашканын билдирди.

Маалыматка ылайык, аэропорттун бажы кызматкерлери Евразия экономикалык биримдигине мүчө эмес мамлекеттерден учуп келген каттамдардагы чет өлкөлүк жүргүнчүлөрдөн опузалап пара алып жүрүшкөн.

Аэропорттун кызматкерлеринин бири «Пара алуу» беренеси менен УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди, дагы бир кызматкер — үй камагында.

УКМК аталган кылмышты кылууга тиешеси бар башка да жооптуу адамдарды издеп жатат.