Украинадагы согушта каза болгон дагы бир кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди

Сүрөт: Светлана Лаптева, «Вечерний Бишкек» басылмасы үчүн.

Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасына Украинадагы согушта каза болгон Кара-Балтанын атуулу, 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү жеткирилди.

«Азаттык» басылмасы Зарифулин 14-мартта каза болгонун, анын сөгү 27-мартта Кара-Балта шаарында жерге берилерин жазды.

«Вечерний Бишкек» басылмасы Орусиянын аскердик базасынан сүрөттөрдү жарыялады. Редакция Зарифулин орусиянын аскер кызматында контрактык негизде кызмат өтөп жатканын жазды.

Орусия Украинадагы согушта Кыргызстанда туулган эки кишинин каза болгонун тастыктады. Буга чейин 25-мартта Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилген. Ал 2021-жылы күзүндө орус армиясына кызмат өтөөгө чакыртылып, кийин Украинадагы согушка жиберилген.