Украина: Зеленскийдин маеги, «ЛЭРде» Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүшү мүмкүн

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын журналисттерине маек курду. Ал Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүндөгү негизги пункттар тууралуу айтып берди — ал бейтараптуулук, Украинанын өзөксүздүк макамы жана өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик. Зеленскийдин айтымында, Украина буга даяр.

«[Сүйлөшүүлөрдүн бул пункту] терең иштелип чыкты, бирок мени бул Будапешт меморандумундай (1994-жылы, анын ичинде Орусия тарабынан кол коюлган, Укриананын чек араларынын бүтүндүгүн жана анын коопсуздугун кепилдеген) дагы бир кагаз болуп калбай турганы кызыктырат. Ошондуктан бизди бул кагаз кол коюла турган олуттуу келишим боло турганына кызыктарбыз», — деди Украинанын президенти.

Ал Украина бейтарап статусун кабыл алышы үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин, ал үчүн референдум өткөрүү талап кылынарын кошумчалады.

Ошондой эле Зеленский Украинанын акыркы сегиз жылдан бери Орусиянын көзөмөлүндө болуп келген Донецк, Луганск аймактарын жана Крымды басып алуу боюнча планы болбогонун маалымдады.

Интервью жарыяланганга чейин эле Роскомнадзор маалымат каражаттарынан аны жарыялабоону талап кылган. Бирок материал жарык көргөндөн кийин Орусиянын Башкы прокуратурасы «жарык көргөн маекте айтылган сөздөрдүн мазмунуна жана аны жарыялоо фактысына принципиалык укуктук баа берилерин» билдирди.

Жакынкы күндөрдү Түркияда Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы өтөт. Украин делегациясынын өкүлү Давид Арахамия сүйлөшүүлөр 28-30-мартта өтөрүн айтты. Ал эми Орусия президентинин кеңешчиси Мединский сүйлөшүүлөр 29-30-мартта болорун билдирди. Делегаттардын жолугушуусу оффлайн өтмөкчү.

27-мартта интернетте видео тарап, анда болжолдуу украин аскерлери туткундагы орус аскерлеринин бутуна атып жатканы тартылган. Видеонун шилтемеси бул жерде. Бирок эгер сиз сезимтал адам болсоңуз, аны көрбөй эле коюуну сунуштайбыз.

Видео чыккандан кийин украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович видеодо «аскердик кылмыштын белгилери бар экенин» жана «эң олуттуу иликтөө» жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле ал украин аскерлерине эскертүү берип, туткундагыларды мазактоо — бул мөөнөтү эскирбеген аскерлик кылмыш экенин айтты.

БУУнун 26-мартка карата маалыматына ылайык, Украинадан 3,8 млн адам чыгып кеткен, качкындардын басымдуу бөлүгү Польша, Румыния жана Молдовага кеткен.

Өзүн көз карандысыз деп жарыялап алган Луганск эл республикасынын (ЛЭР) башчысы Леонид Пасенчик 27-мартта журналисттерге курган мегинде ЛЭРдин аймагында Орусиянын курамына кирүү боюнча референдум өтүшү мүмкүндүгүн айтты.

«Менин оюмча жакын арада республиканын аймагында референдум өтөт. Анда эл өзүнүн толук конституциялык укугун пайдаланып, Орусияга кошулууга байланыштуу пикирин билдире алат», — деди ал.

Кийин Пасенчик бул анын «жеке» оюн экенин кошумчалаган.

«Биз тараптан жакын арада республиканын аймагында референдум өткөрүүгө багытталган кандайдыр бир аракеттер көрүлгөн жок», — деген ал.