Медиктер үчүн көп батирлүү үйдү министр Бейшеналиевдин уулу куруп жатат

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев.

Медиктер үчүн көп батирлүү үйдүн курулуш ишин Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин уулу — Мар Бейшеналиевдин — фирмасы аткарып жатат. Маалыматты «Клоопко» ведомствонун жетекчиси өзү тастыктады.

Министрдин айтымында, уулу бул үйдү муктаждарга жардам бергиси келгендиктен курууну чечкен.

«Менин балам, мага караганда абдан жупуну. Ал ЖМКга көрүнгүсү келбейт. […] Бизнесмендер салымын кошкусу келбейт, байлыкты гана көздөшөт. Мен болсо балдарымды башкача тарбиялагам. Жүз сом тапсаң кайсы бир бөлүгүн муктаждарга бер. Бул менин жашоомдун принциби. Мен өзүм дагы мечит, окуучулар үчүн мончо, мектеп, бала бакча кургам», — деди Бейшеналиев.

Министр үйдү кайсы фирма куруп жатканын так атаган жок. Анын айтымында, Мар Бейшеналиев 2 ай мурда ишмердиги текшерилип жаткандыктан 20 күнгө жакын УКМКда жүргөн. Бирок министрдин тааныш-билиштеринин жардамы менен кырдаалды жайгарууга мүмкүн болгон.

«УКМК “Алтын Балалыкты” калыбына келтирүү үчүн акчаны кайдан алганын текшерген. Дагы жакшы салыктын бардыгы төлөндү. Ал Ысык-Көлдөгү коттеждерин сатып, 32 000 доллар салык төктү», — деп белгиледи ал.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Мар Бейшеналиев «Драйв» ЖЧКнын жетекчиси, ал эми компаниянын негиздөөчүсү — Замира Курманова (болжолдуу Мар Бейшеналиевдин энеси). Ушул эле фирма урологиялык борборду курган, учурда «Алтын Балалыктын» аймагын реконструкция кылып жатат.

Медиктерге турак жай

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 28-мартта Бишкекте медициналык кызматкерлер үчүн жаңы көп батирлүү турак жайдын курулушу башталганын билдирген.

Министрликтен турак жай Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жатканын, үйдү болжолдуу 2023-жылдын апрель-май айларында пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтышкан.

Ал эми үйдү медицина кызматкерлирине берүүнүн тартибин Саламаттык сактоо министрлиги курулуш иштери аяктаганга чейин иштеп чыгат.

Министр бир үйдөгү батирлерди бекер таратууну, башкасындагыларды ипотекага берүүнү көздөйт.

Бейшеналиевдин бай уулу

Алымкадыр Бейшеналиев интервьларынын биринде эч киреше таппасын, себеби ага бай ишкер уулу жардам берерин билдирген. Анын айтымында, учурда уулунун курулуш фирмасы Ысык-Көлдө «Алтын Балалык» реабилитациялык борборун куруп жатат.

«Жакында эле уулуман “бул жакка канча [акча] салдың?” деп сурадым. Ал “Эми аз-көп, 2 млн доллар жумшадым” деди», — деп айтып берген Бейшеналиев.

Министр уулу Ысык-Көлдүн жээгинде Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж» пансионатына да ээлик кыларын билдирген. Бирок 6-февралда коттедж толугу менен өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоо 300 чарчы метр аянтты жалмаган.

Дагы окуңуз: Саламаттык сактоо министрлиги: Бишкекте медиктерге көп батирлүү үй курула баштады

Factcheck.kg министр Бейшеналиев жеке мектепке ээлик кыларын аныктады

Алымкадыр Бейшеналиевдин жашоо эрежеси