Factcheck.kg министр Бейшеналиев жеке мектепке ээлик кыларын аныктады

Factcheck басылмасы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бизнеси бар экенин аныктады, бирок мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлерге жеке ишкерлик кылууга тыюу салынган.

Журналисттердин маалыматы боюнча, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматка отургандан кийин жарым жылдан соң, Бишкектин Жал кичи районунунда 29-үйдө жайгашкан «Чечей» коомдук бирикмесин түзгөн.

Ушул эле даректе «Беймарал» аталышындагы микрокредиттик компания катталган, ал дагы министрге таандык. Бул даректе анын уулу Мардын «Драйв» деген компаниясы дагы катталган.

Мындан тышкары, министр «Арча Бешик» жеке мектебине дагы ээлик кылат.

Министрдин жубайы Замира Кулматова — Ысык-Көлдө коттеждерди ижарага берген жана сатуу менен алектенген «Париж КО» компаниясынын негиздөөчүсү.

«Жердин жалпы аянты 15гектар, ичинде 75 коттеж, 88 батир, 10 ысык булак бар, жердин 7 гектарын көлмө ээлейт, 2 пляж бар», — дешет журналисттер.

«Уумен» же уу коргошун кайнатуучу министрлик

Бейшеналиев уу коргошундун кайнатмасын ичип жатат. 

Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровду депутаттар премьер-министрлик кызматка бекиткенден кийин, 2020-жылдын октябрында саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Буга чейин ал 16 жыл КММАнын пропедевтикалык хирургия кафедрасын жетектеп, Чүй облусунун Кемин районундагы «Сабирдин» дыйкан чарбасын башкарган. Алгач парламентке Темир Сариевдин «Ак-Шумкар» партиясынан, андан кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчилинен» өтүүгө аракет кылган.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин, 2021-жылдын январь айында Бейшеналиев көпчүлүктүн коңүл чордонунда болгон. Ал коронавируска каршы вакцинаны сактоочу муздаткычтарды акысыз бере турган кайсы уюм экенин билбей калган — USAID менен UNICEF уюмдарын ажыратып айта алган эмес. Алгач анын билдирүүсүн USAID, андан кийин UNICEF төгүнгө чыгарган.

Кийин коронавирус менен күрөшүүгө уу коргошундун кайнатмасын сунуштап, тундурма президенттин резиденциясында кайнатылып жатканын айтып чыккан. Бейшеналиевдин айтканы кескин сынга алынып, парламент депутаттары министрди кызматынан бошотууну сунуштаган, бирок чиновникке президент болушуп чыккан.

Июнда министр коронавирусту уу коргошун менен дарылоо токтотулганын маалымдаган. Ошол эле айда ал Казакстан коронавируска каршы өз вакцинасын берет деп билдирип, бирок бул маалыматты казак премьер-министри четке каккан.

Кийин басма сөз жыйында аконит ичкен министр Бейшаналиев коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.