Ысык-Көлдө «Париж» пансионаты өрттөнүп кетти

6-февралда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж» пансонатынын коттеджи өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады, жабыркагандар жок.

Жеринде эки өрт өчүрүү бөлүмү иштегени кабарланды. Өрт саат 16:57де чектөөгө алынып, толук түрдө саат 18:27де өчүрүлгөн. Бирок коттедж толугу менен күйүп кеткен — өрт 300 чарчы метр жерди каптаган. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Париж» пансионатына уулуна таандык экенин айткан. Factchek басылмасынын маалыматына ылайык, министрдин жубайы Замира Кулматова — Ысык-Көлдө коттедждерди ижарага берген жана саткан «Париж КО» компаниясынын негиздөөчүсү.