2022-жылдын башынан бери 17 миң 68 ишкер көзөмөл-кассалык машина (ККМ) колдонууга өттү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы 30-мартта билдирди.
Мекеме өлкө боюнча 44 миң 803 ККМ колдонулуп жатканын кабарлады — анын ичинен 22 миң 239 аппараттык жана 22 миң 564 программалык ККМ.
*Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эс тутуму менен кадимки кассалык аппарат. Мындай ККМди 14 техникалык тейлөө борборунан алса болот.
Ал эми программалык KKM тиркеме түрүндө болот — «Онлайн ККМ» тиркемесин смартфонго, планшетке же компьютерге бекер жүктөп алса болот. Керектөөчүлөргө дүмүрчөк берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.
Салык кызматынан көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү ишканаларды жана ишкерлерди мекеменин аймактык башкармалыктарына кайрылууга чакырышты. Ошондой эле Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» POS терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатышканын кошумчалашты
Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМ колдонууга милдетүү.
Салык кызматынан ККМ — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири экенин билдиришкен.
Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Бирок бул демилгеге ишкерлердин баары эле кубанып кеткен жок — айрым соодагерлер азыркыга чейин нааразычылык акцияларына чыгып, милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы чыгышууда.
ККМ тууралуу кененирээк бул шилтемелер аркылуу окуп алсаңыз болот: