Токтакунов камактан чыкты — ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат

Адвокат Нурбек Токтакунов Бишкектин Биринчи май РИИБнин убактылуу кармоо жайынан чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Сардар Багышбеков Твиттер барагында билдирди. Маалыматты Токтакуновдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу дагы тастыктады.

Анын айтымында, Токтакунов 30-март күнү эртең мененки 8:30да чыккан.

«Ал беш сутка маалыматтык айдыңдан обочодо болуп, эс алып, күчкө толуп турат. Тилекке каршы, шаардык аппеляциялык инстанциянын чечими Жогорку сотто даттанууга жатпайт. Бирок биз БУУнун Адам укуктары боюнча комитетте акыйкаттык үчүн күрөшөбүз», — деди Автандил уулу.

Токтакуновдун кармалышы

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта Нурбек Токтакуновду «судьялар — эч ким эмес» деген сөзү үчүн майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок Токтакуновдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Буга байланыштуу аны шаардык сот өз чечимин чыгаргыча сот залынан бошоткон.

Бирок 25-март күнү эртең менен милиция аны кармап, калаанын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Биринчи май РИИБне алып кеткен.

Бишкек шаардык соту 28-мартта Токтакуновдун даттануусун карап, аны камакка алуу чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунов өзү шаардык сот «мыйзамсыз чечимди» колдоду деп билдирген.

«Бул чечим менден өч алуу үчүн кабыл алынды», — деген ал.