АКШ Украинага дагы 500 млн доллар берет, БУУ аскердик кылмыштарды иликтеген комиссия чогултту

Украинада орус аскерлеринин 24-февралда башталган толук алкактагы кол салуусу уланып жатат.

БУУда Украинада жасалган аскердик кылмыштарды иликтей турган комиссиянын мүчөлөрү дайындалды.

Комиссиянын мүчөлөрү мыйзам бузуулардын жана кыянатчылыктардын далилдерин чогултуп, аларды анализдеши керек болот. Ага гендердик аспект, бардык маалыматтарды системалуу түрдө каттоо жана сактоо, документтештирүү жана далилдөө, сурамжылоо, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана экспертизалардын корутундулары кирет.

«Комиссияга Украинада адам укуктарын бузуу жана ага байланыштуу жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликтүү жеке жана юридикалык жактарды мүмкүн болушунча аныктап, аларды жоопкерчиликке тартуу сунушталды», — деп айтылат БУУнун катында.

Аскердик кылмыштар эки жактан тең болгонун жаңжалдашкан эки тарап да билдирген.

АКШ Украинага түз бюджеттик жардам катары 500 млн доллар берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын лидери Владимир Зеленскийдин телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусия Киев жана Черниговдон аскерлерин жапырт түрдө чыгарбай жатканын билдирди. Коргоо министрлигинин төрагасы Александр Мотузяныканын айтымында, Украинаны Куралдуу күчтөрүнүн штабы айрым бөлүктөр бир аздан орун которуп жатканын белгилеп жатат.

«Азыркы учурга карата биздеги ыкчам маалыматтарга ылайык, душман тарап бул шаарларды басып алуу, же жок эле жегенде бутага алуу аракеттеринен толук баш тарта элек. Сөз борбор калаа жана Чернигов тууралуу болуп жатат», — деп билдирди ал.

Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Киев жана Чернигов багыттарында аскердик активдүүлүгүн «кескин түрдө, бир нече эсе» басаңдатууга макул экендигин билдирген.

Орус аскерлери Чернобыль АЭСнен чыгып кете башташты деп кабарлады «Франц Пресс» (AFP) басылмасы атын атабаган америкалык чиновникке таянып.

«[Алар] Чернобыль АЭС чыгып, Беларуска кетип жатышат. Биз алар кетип жатат деп ойлоп жатабыз. Бирок азыр баары кетти деп айта албайм», — деген ал.

Орус аскерлери Чернобыль АЭСин Украинага толук алкакта кол салган күнү, 28-февралда эле ээлеп алышкан. Чернобыль аймагын алгандан кийин Беларустан Киевге чейин өздөрүнө коридорду камсыздашкан.